Сарыбагыш: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Кээ бир маалыматтар туура эмес жазылыптыр!
м Reverted edits by 212.112.118.183 (talk) to last revision by Chorobek
Белги: Rollback
1-сап:
'''Сарыбагыш''' – [[Оң канат|оң канатка]] кирген ири кыргыз уруулардын бири. Алгач XV кылымдын аягы – XVI кылымдын баш ченинде жазылган [[Сейф-Ад-Дин Аксыкенти|Сейф-Ад-дин Аксикентинин]] [["Мажму ат-таварих"]] деген эмгегинде эскерилет. Кыргыз элинин этностук түзүлүшүн изилдеген изилдөөчүлөр сарыбагыш уруусунун жаралышын "багыш" тотемдик түшүнүгү аркылуу кыргыздардын орто кылымдагы мекени – Түштүк Сибирь менен байланыштырат. Этнограф [[Абрамзон, Саул Менделевич|С.М. Абрамзон]] кыргыз элинин өзөгүн түзгөн байыркы уруулардын бири катары карап, кийинки учурдагы өзгөчө ордун кошо белгилеген. Анын пикиринде «кыргыз элинин оң канатын түзгөн уруулардын ичинен сарыбагыш (сары багыш) уруусу көрүнүктүү орун ээлеп, ага уруунун көп сандуу болушу эмес, ал уруу башчыларынын башка урууларга тийгизген саясий таасири жана бул уруунун этногенетикалык процессте ойногон ролу менен аныкталып келген». [[Санжыра]] уламыштарында кыргыздардын түпкү атасы [[Долон бий|Долон бийдин]] заманындагы кыргыздар чоңбагыш, сарыбагыш же үч багыш деген уруулардан турганы айтылып, анда "багыш" аталган уруулардын генетикалык биримдиги жана алар байыркы уруулар болгон деген пикирди тастыктайт. Санжыра боюнча [[Тагай бий|Тагай бийдин]] [[Кылжыр]] (сарыбагыш) деген уулунан [[Орозбакты]], [[Дөөлөс Баатыр|Дөөлөс]] (Дөөлөсбакты) деген эки бала болуп, Орозбактыдан [[Бугу уруусу|бугу уруусу]] тарайт. Дөөлөс бийдин тукуму сарыбагышмарыбагыш аталып, Токо, Жантай, [[Манап бий|Манап]] жана Элчибек (Таздар) деген төрт уулунун тукуму бул уруунун төрт бутагын түзсө, асыранды баласынан чертике (чертки) уругу тараган. Чертике «карамоюн», «сарыкалпак», «сазай», Токонун тукуму жалпы «жети урук» аталып, ич ара «абыла», «сабыр», «чагалдак», «өзүк», «молой», «чечей», «каракурсак» деген уруктарга бөлүнөт. Жантайдан жалгыз Сары болуп, андан Бөрүчек, андан Атабай, Аюуке, Күзөкө, Илеке деген төрт уул. Атабайдан Кубат, Белек, Акчабуу, Мендеке, Таштокум; Аюукеден «аюуке» бутактары тарап, Күзөкөдөн Калматай, Акий. Калматай балдары «бай жантай» деп аталып калган. Акийден Эшиге, Досон, Ниязбек, Дайырбек, Тыныбек, Оболбек – алты уул. Тыныбек менен Дайырбектин балдары кыргыз-калмак согуштарында колго түшүп кетип, көп мезгилден кийин кайтып келип, ушул себептен Дайырбектин Ыбыке, Инжим, Жакам, Сенкитай, Мадыкан деген беш уулу «беш калмакы», Тыныбектен Ажыгул, анын Итике деген жалгыз баласынын тукуму жөн эле «калмакы» деген лакап ат менен аталып калган. «токтоку» деген урук «жантайларга» тыштан кошулган урук деп эсептелет. Бөрүчектин тондуу уулу Илекени, андан Алымсейит, андан Аккозу, Үлүмжү, Рай, Асан, Солто. Жантай уругу сарыбагыштардын ичинен ириси болуп саналат. Дөөлөстүн үчүнчү баласы Элчибектен Атамат, Жунус, Алыбек. Булардын тукуму «таздар» деп аталат. Атаматтан Беке, Чапча, Сарыкалпак. Бекеден «эшмурат уулу», Чапчадан «кипан», «эшмат», «өмүр», «косом» уруулары; Сарыкалпак – «сарыкалпак» деп аталат. Жунустан Такабай, Түгөл. Такабайдан тукум жок, Түгөлдүн балдары «карабөкө», «ырайымбек», «дайырбек», «шайбек» деп бөлүнөт Алыбектен Жолчоро, анын тукуму «моюнчу» деген атакта калган. Кыргыз журт башчылары үчүн үлгү, эталон болуп калган [[Манап бий]]дин тукуму сарыбагыштар уруусундагы эң чоң бутак болуп, андан [[Сүтөй]], [[Жарбаң Баатыр Манап Бий уулу|Жарбаң]] – эки уул. Жарбаңдын тукуму «жарбаң уругу» деп айтылат. Сүтөй бийден Сарысейит, Эшим, Тугур. Эшимдин тукуму «эшим», Тугурдуку «чоң чарык» аталат. Сарысейит бийден [[Үчүкө]], [[Түлкү баатыр|Түлкү]], Эрдене, [[Кудаян сарысейит уулу|Кудаян]] – төрт уул. Үчүкө убагында кыргыз элине башчы болуп туруп, иниси Түлкү баатыр экөө [[Жаңыл Мырза|Жаңыл мырза]] колдуу болуп өлгөн. Үчүкөдөн кийин кыргызга Кудаян хан болгон. Үчүкөдөн [[Маматкул бий|Маматкул]], Дөөлөт, Кудайберди. Түлкүдөн жалгыз Тынай. Эрденеден тукум жок. Кудаян тукуму «тоголок» деп аталат. Кудаяндан кийин кыргызды [[Маматкул бий]] бийлеп, жерин калмактан кыргыз бошотууда чоң роль ойногон. Андан [[Болот бий|Болот]], Темир, Андагул, Көккөз, Берик. Дөөлөттөн Надырбек, Бай, Кара Мурат, Аалы – жалпысынан «надырбек» уругу деп аталат. Карамураттан «ныяз», Аалыдан «аккулак» уулдары, Надырбектен Мусулман, Сыдык эки уул. Мусулмандан «седет», «кубат», «абыке» уулдары, Сыдыктан «алике», «түнтөй», «түнкатар», Байдан «Бердике», «Бердиш», «Медет», «Кара-МокоНыгай», «БайШыгай»,«Бай "Сары"уулу». Байдан айтылуу "Калыгул олуя", Калыгул олуядан "Ногой", "Шыгай", "Кунтууган" деген уч тукум тарайт. Кудайбердиден тукум жок. Тынайдын биринчи аялынан Сатыбалды, [[Атаке баатыр]], экинчи аялынан Сокур, Бекмурат, Арзыгул, Ырыскул – алты уул. Сатыбалды балдары Жообасар, Кубат, Айа, Алмакүчүк, Караүсөн, Чөмөй, Шайбек уулдарына бөлүнөт. Атакенин Абылай, Солтоной, Карабек, Таштанбек Байшүкүр, Жанкиши, Сартай жана Мырзабек (Мырзабек энеден) деген уулдары болгон. Бозокор деген бакма баласынын тукуму «жумаш уулу» деп аталат. Тынайдын экинчи аялынын балдары жалпы «сокур уулу» болуп, булар жалпысынан «тынай» деген атакта калган. Тынай тукумунан атактуусу Атаке баатыр, анын тукумунан Таштанбек, Жантай, Шабдан сыяктуу белгилүү инсандар чыккан. Маматкулдун Андагул, Көккөз, Берик уулдарынын тукуму «кырк уруу» деп аталат. Маматкулдун ордун уулу Болот ээлеген. Болот бийдин биринчи аялынан Аким, Айдарке, Татыкөтөн, Дайырбек, Мураке деген беш бала болуп, алар «беш күрөң» деп аталып калган. Экинчи аялы Таалаке энеден Кожомшүкүр, [[Эсенкул бий|Эсенкул]]. Кожомшүкүрдүн тукуму «салыбек», Эсенкул балдары көптөгөн уулга тарайт. Болот бийдин үчүнчү аялынан Көчмурат, анын тукуму «көчмурат» деген ат менен белгилүү. Болот бийдин балдарынын ичинен атактуусу [[Эсенкул баатыр]] болуп, учурунда бүткүл түндүк кыргыз урууларын башкарып тургандыктан, аны «чоң бий» деп аташкан. Эсенкулдун жети аялынан жыйырма бир уул болуп, Каз байбичеден Асанбай, Үсөнбай, Найман үч уул («чала манаптар» деп аталат), Анар энеден [[Ныязбек Эсенгул уулу|Ныязбек]], Кубат, Куттуксейит, Абдыраман, Карасарт, Шоорук алты уул, Каракыз энеден Базаркул, Назар эки уул,(Базаркул, Назардан тарагандар Отонтой уруусу аталып кочкордо турушат) төртүнчү аялдан Айтбай, Керим, Жапар, Саткын төрт уул, бешинчи аялдан Кудаяр, Сукан, Жайчы үч уул, алтынчы аяллынан Бекмурат, Шаамурат эки уул, жетинчи казак аялдан Тойчу жалгыз болуп, бардыгы жыйырма бир. Мындан башка Эсенкул баатырдын жети бакма баласы болуп, алар «жети кул» деп аталат. Анын атагы менен бүткүл Болот тукуму – «Эсенкул эли» деген атак алган. Ниязбек уулдары «Ниязбектин сегиз бек» аталып, атактуу инсандардан болгон. Ныязбектин уулу [[Ормон хан|Ормон]] 1842-ж. кыргызга хан шайланган. Маматкулдун Темир деген уулунан Кулуке, Боогачы, Черикчи, Назар – төрт уул. Кулукеден «аккөз», Боогачыдан «боогачы уулу», Назардан «назар уулу» тарайт. Черикчиден Борколдой, Жаныбек, Абайылда, Жамангара, Мама, Караменде, Бекбото, Адылбек, Дайырбек, Карабай, Манапбай, Кенжетай деген он эки уул болуп, Борколдойдон «борколдой», Жаныбектен «жаныбек», Жамангарадан «жамангара», Мамадан «мама», Карамендеден «караменде», Бекботодон «бекбото уулдары» жана Карабай, Манапбайдын тукуму «казактар» деп аталып, жалпысынан «жети ата» деген атакта калган. Черикчи балдарынын ичинен атактуусу Абайылда баатыр болуп, үч аялынан он эки уул көрүп, Төрөгелди, Шербото, Нарбото, Шадыкан деген балдары атактуу баатырлардан болгон. Булардан тышкары Сарыбагыштын ичинде бир катар киринди уруктар турат. XVIIIкылымдын 2-жарымынан Сарыбагыш урууларына батышы Ысык-Ата суусу – чыгышы [[Ысык-Көл]]дүн Күрмөнтү суусуна чейин, түндүк тарабынан азыркы [[Казакстан]]га караган Челек, [[Кеген]], Үч-Алматы сууларынан – түштүктө [[Нарын дарыясы]]на чейинки жерлер кирген. 1882-ж. орус өкмөтү менен Кытай мамлекети түзгөн Петербург келишимине ылайык Ысык-Көлдөгү «эсенкул эли», Кочкор, Нарын тарапка көчүрүлгөн. Азыркы убакта да Сарыбагыштар [[Чүй облусу]]нун Чүй, Кемин жана [[Нарын облусу]]нун Кочкор, Нарын, Ат-Башы, Ак-Талаа районндорунда турат. Мындан тышкары Чүй облусундагы Кант, Ак-Суу, [[Панфилов району]]нун кээ бир айылы, Ысык-Көл облусунун Сары-Камыш, Чоң-Сары-Ой, Көк-Мойнок айылы, Таластын Козучак, Калба, Бала-Саруу айылы жана Кетмен-Төбөнүн айрым айылдарынан кездешет.
 
== Адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Сарыбагыш" булагынан алынды