Флора: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ Plants.jpg, remove useless duplicate links, wikidata fixed
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
[[Файл:Plants.jpg|thumb|Мадумар Мелисов[[Өсүмдүктөр‎]].]]
'''Флора '''([[латын тили|лат]]. Flora-гүл менен жаздын кудайы) – мурунку геологиялык жана азыркы шартына байланыштуу белгилүү бир [[География|географиялык]] аймакта өскөн бардык [[өсүмдүк]] түрлөрүнүн жалпы тобу. Изилдөөчү аймактын көлөмүнө, физикалык-географиялык өзгөчөлүгүнө жараша ал жерде өскөн Ф-нын саны ар түрдүү болот, мисалы, чөлдө, жарым чөлдө Ф-лык курамы аз, боздоңдо көбүрөөк, шалбаада андан көп санда болот, б.а. шалбаада өсүмдүк түрү эң көп болот. Каракум, Кызылкум чөлдөрүнүн Ф-сы өтө аз санды түзөт, ал эми Кыргызстандын тоолорундагы капчыгай Ф-сы өтө бай, б.а. тоодогу шалбаада, токойдун ачык жеринде көп түрлөр өсөт. Ф-ны таануу максаты – түрлөр, уруулар жана тукумдардын курамын аныктоо. Ф-нын түрлөрү окшоштугу боюнча Ф-лык элементтерге бөлүнөт. А. а. [[География|географиялык]] ''элементтер'' – ар түрдүү географиялык аймактагы (Жерортолук деңиз жээгинде да, Тяньшань тоолорунда да) таралган бирдей түрлөрдү бириктирет. Аймактардын Ф-сын каттоонун, салыштырмалуу анализдөөнүн, окшош түрлөрдү тактоонун натыйжасы Ф-лык райондоштуруунун негизин түзөт.
 
Мисалы, [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] [[Түндүк Тянь-Шань]], [[Батыш Тянь-Шань]], [[Алай]] жана башка Ф-лык райондору бар. Тигил же бул аймактын Ф-сын чагылдырган адабияттар “Өзбекстан флорасы”, “Казакстан флорасы”, “Таджикстан флорасы” жана башка “Кыргызстандын флорасы” деп аталып, 11 томдон турат, 4000 жакын түрдү мүнөздөйт. Мүнөздөмөдө адегенде тукумун, анан уруусун мүнөздөп, түрлөргө келгенде, аларды аныктоо таблицасы, анан ар бир түрдүн кыргызча, орусча, сөзсүз латынча аталышы, андан кийин түрдүн сырткы көрүнүшү, анан өскөн чөйрө-шарты, [[География|географиялык]] таралышы (ареалы) айыл-чарбадагы маанисин баяндалат.
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Флора" булагынан алынды