Өмүрзаков Садыбакас: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Бот: макалаларды автоматтык импорттоо
 
No edit summary
1-сап:
{{mergeto|Өмүрзаков, Садыбакас}}
'''Өмүрзаков Садыбакас''' (25. 3. 1921, азыркы Чүй облусу, Узун-Кыр кыштагы 12. 8. 2002, Бишкек) — географ-окумуштуу. КРдин илим жана техника боюнча мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1984). Кыргызстанда тарыхый география, топонимика, тоолуу аймактардын физикалык-географиялык шарттарын картага түшүрүү методдорун түзүү багытындагы илимий изилдөөлөрдүн негиздөөчүсү. Географиялык ил-нин кандидаты (1958), КРдин табиятын коргоого эмгек сиңирген кызматкер (1992). Табият жана коом изилдөө эл аралык ИАнын анык мүчөсү (2000), КРдин географиялык коомунун президенти (1964-2000), КРдин жана СССРдин географиялык коомдорунун ардактуу мүчөсү. 1943-50-ж. Кыргызстан ЛКЖС БКнын 1секретары, Кыргызстан КП БКнын мүчөсү жана бюросуна кандидат. 1950-53-ж. Фрунзедеги мугалимдер институтунун директору, 1953-59-ж. Кыргызстандын сырттан окуу педагогикалык институтунда кафедра башчысы (195970). КМУнун география факультетинин деканы (1962-65), кафедра башчысы. 197089-ж. КР УИАнын география бөлүмүнүн башчысы, климатология жана гидрология секторунун, физикалык география жана геоморфология лаборайонын башчысы, 19892002-ж. жетектөөчү илимий кызматкер. 1970-жылдан КР Илимий-маалыматтык атласынын илимий редакциялык кеңешинин төрагасынын орун басары, жооптуу секретары жана атласты түзүүчү топту жетектеп, ошону менен бирге бир нече өзгөчө мазмундагы карта түзгөн. Ал 400дөн ашуун илимий эмгектин, анын ичинде 22 монография, брошюралардын автору. Негизгилери: «Очерки по истории географических исследований Киргизии» (1959), «Природа Киргизии» (авторлош, 1962), «Тар жол, тайгак кечүү менен» (1963), «С четырёх сторон горизонта» (1983), «Кавказ, Средняя Азия. Кыргызстан» (авторлош, 1984), «Словарь географических названий Киргизской ССР (авторлош, 1988). Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясыныын мүчөсү жана география боюнча илимий кеңештин төрагасы болгон. «Манас» энциклопедиясын даярдоого активдүү катышкан. Ленин, «Ардак белгиси» ордендери, СССР географиялык коомунун, П. П. Семёнов-Тян-Шанский атындагы медаль менен сыйланган. КРдин табиятын изилдөөгө, география илиминин өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкон. Кыргыз Ала-Тоосундагы бир чокуга ысмы коюлган.
[[Категория:Инсандар]]