Шераалы хан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
No edit summary

1-сап:
'''Шераалы хан''' (1792–1845) – 1842–45-жылы [[Кокон хандыгы]]н бийлеген хан.

Кокон бийлөөчүсү [[Нарбото бий]]дин иниси [[Хажи бий]]дин уулу. Атасы Хажи бий [[Алим хан]] менен бийлик талашуу учурунда өлтүрүлгөн. Балдары Шераалыны жана Улугбекти сактап калуу үчүн энеси Умсунай, Таластагы төркүндөрүнө качууга аргасыз болгон. Шераалы [[Чаткал]], [[Талас]] аймагында чоңойгон.

Эрезеге жеткенде саруу уруусунун бийи [[Асперди датка кызы]] кызы Жаркынайымды жээни Шераалыга алып берген. [[Мадалы хан|Мадали хан]] өлтүрүлгөн соң, Талас, Чаткал, Аксылык кыргыздардын колдоосу менен 1842-жылы ак кийизге салынып, хан көтөрүлгөн.

Шераалыны хан көтөрүүдө [[Ажы датка]], Сейдаалы бек, [[Нүзүп бий]]дин ролу чоң болгон. Шераалы хандын Коконго хан болушунан тартып, хандык жоюлганга чейин (1876) ордодо көчмөн кыргыз, кыпчак урууларынын төбөлдөрүнүн таасири жогорулаган. Нүзүп бийдин өлтүрүлүшү менен миңбашылык кызмат жана ордодогу чечүүчү роль Мусулманкулдун колуна өткөн.

Шераалы хан 1845-жылы Мусулманкулдун [[Ош]]тогу кыргыздардын көтөрүлүшүн басуу үчүн кеткендигинен пайдаланган Мусулманкулга нааразы саясий топ тарабынан өлтүрүлгөн.

"https://ky.wikipedia.org/wiki/Шераалы_хан" булагынан алынды