Мажарлар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Kglive moved page Венгрлер to Мажарлар: кыргызча мажарлар болот
No edit summary
1-сап:
'''ВенгрлерМажарлар''' - (өздөрүн мадъялар деп аташат) улут, ВенгриянынМажарстандын негизги калкы. Румыния, Словакия, Сербия, Черногория, Украина, ошондой эле АКШ, Канада, Түштүк Америка, Германия, Австрия, Хорватия, Россия ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 15 млн адам, анын ичинде ВенгриядаМажарстанда 9,4 млн. (2001) ВенгрМажар тилинде сүйлөшөт. Негизинен католиктер. Б. з. 1-кылымында ВенгриянынМажарстандын аймагында кельт уруусу, кийинчерээк готтор, гунндар, аварлар, 6-кылымдан славян уруулары жашаган. 9-кылымдын аягында көчмөнмалчы венгрмажар уруулары Кама дарыясынын боюн, кийин Кара деңиздин түндүгүн мекендеп, оногур менен протоболгарлардын бийлиги астында болушкан. 895-96-ж. В. Карпатка жер которушуп, Ортоңку Дунай дарыясынын боюна отурукташкан. 11-кылымда Венгрия мамлекети пайда болуп, католик динин кабыл алышкан. Венгр урууларынын мадъярлардын Дунай дарыясынын боюнда жашаган славян ж. б. уруулар менен аралашуусунун негизинде венгр эли калыптанган. Венгриянын аймагына кыпчактар, түрктөр, немистер, француздар, италиялыктар ж. б. ар түрдүү элдердин өкүлдөрү көчүп келишкен. Алар менен болгон байланыш Венгрлердинмажарлардын материалдык жана рухий маданиятына таасирин тийгизген. ВенгрлердинМажарлардын көпчүлүгү өнөр жай тармактарында иштешет. Негизги кесиби дыйканчылык жана мал чарбачылык. ВенгрлердинМажарлардын турак жайы өлкөнүн ар кайсы бөлүгүндө ар түрдүүчө. Мурда дубалы сокмо ыкмасы менен топурактан, айрым аймактарда камыштан, жыгачтан тургузулуп, сырты ылай менен шыбалган үйлөрдө, учурда кыштан, таштан ж. б. курулуш материалдарынан салынган үйлөрдө жашашат. Кийими аялдар этеги кенен, бели кыналган юбка, жеңи кенен, кыска тигилген көйнөк кийишкен. Элдин арасына башына чепец же жоолук салынмайынча чыгышкан эмес. Эркектер боз кендирден жасалган көйнөк, жилет, шым, башына чий калпак, губа (нооту пальто), сюр (арты тилик, саймаланган плащ), тон кийишкен. Тамак-ашы негизинен эт (гуляш, паприкаша), дан азыктары, жашылчалар. Жүзүмдөн жасалган шарап, жемиш арагы палинка, суусундук катары кара кофе колдонулат.
[[Категория:Дүйнө элдери]]
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Мажарлар" булагынан алынды