"Талаа" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

File
(remove part Өсүмдүктөр (1 article, 1 subject only) + Field Hamois Belgium Luc Viatour.jpg)
(File)
 
[[File:Van Gogh Wheat-Fields-at-Auvers-Under-Clouded-Sky July 1890.jpg|thumb|right|]]
[[Файл:Field Hamois Belgium Luc Viatour.jpg|thumb|Талаа.]]
'''Талаа''' – ксерофиттик мүнөздөгү [[өсүмдүктөр]] үстөмдүк кылган өсүмдүктүүлүк. Боздоң, дүңгөлүү Т., акырындап сейрек [[бадал|бадалдуу]] Т-га, ал эми экинчи чөлгө айланат, кээ бири болсо бирин-серин болгон, жалбырактары күбүлүп түшкөн [[токой]] сымалдуу жана ар түрдүү өсүмдүктөрдүн тобу: мисалы, [[пияз|пияздар]] , ыраңдар, кургакчылыкка жана сууктукка чыдамдуу көп жылдык чөп өсүмдүктөрүнөн турган [[өсүмдүк]] үстөмдүк кылат. Эреже боюнча экватордун багыты менен боздоң дүңгөлүү Т. жаан чачындын санынын азайышы менен чөлгө айланат. Т-лар узакка созулган ысык жайдын, аздыр­көптүр суук кыштын таасиринен жана 200дөн 500 ммге чейин жеткен жаан­чачын жааган жерлерге мүнөздүү. Талаалар [[Евразия|Евразияда]] көптөгөн аянтты ээлейт. Талаалардын аналогдору болуп Түндүк Америкадагы прериялар, Түштүк [[Америка|Америкадагы]] пампастар, Жаңы [[Зеландия|Зеландиядагы]] туссопов дан өсүмдүктөрүнүн коомдоштугу саналат. Т-дагы өсүмдүктөр кара жана кочкул­күрөң топурактуу жерлерде өсөт. Бул жерлерде негизинен көпчүлүк учурларда дүңгөлүү көп жылдык дан өсүмдүктөрү (бетеге, тулаң, жылган, тоо сулуу, коңурбаш жана башка) дүңгөлүү ыраңдар, сейрегирээк пияздын түрлөрү; сейрек бадалдар (табылгы, алтыгана, бадам жана башка) кездешет. А. ч-сынын өнүгүшүнө байланыштуу көпчүлүк талаалар айдалып, ал жерлерде маданий өсүмдүктөр эгилип, табигый [[өсүмдүк]] өскөн Т. коруктарда, тоолордо гана сакталып келет.