Кара буудай: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
1-сап:
 
[[File:Secale cereale MHNT.BOT.2015.2.40.jpg|thumb|''Secale cereale'']]
'''Кара буудай''' (Secale) – дан өсүмдүктөр тукумундагы бир жана көп жылдык чөп. Кара буудайдын 13 (жапайы жана эгилме) түрү белгилүү. КМШ өлкөлөрүндө 5 түрү кезигет. Кичи жана Борбордук Азия, Иран, Афганстан, Закавказье жана Африканын түштүгүндө өсөт; 1 түрү буудайдын отоо чөбү катары Кавказ, Кичи жана Борбордук Азияда белгилүү; эгилме 1 түрү Түндүк Жарым шардагы өлкөлөрдө өстүрүлөт. Кара буудайдын мекени – Кавказ, Кичи жана Борбордук Азия. КМШ өлкөлөрүндө негизинен РФте (70%), Украинада (12%), ошондой эле Балтика боюндагы республикаларда, Казакстан, Грузияда эгилет. Кара буудайдын күздүк жана жаздык сорттору бар. Күздүк сорту көп эгилет. Тамыры негизинен топурактын үстүнкү катмарында жайгашкан, айрымдарыныкы 2 м тереңдикке чейин жетет. Сабагы көңдөй, бийиктиги 110–180 см, 6–7 муунактуу. Топ гүлү – татаал машак, эки жыныстуу. Даны кабыксыз, түсү көк, боз, кээде күрөң же сары. Күздүк Кара буудайдын вегетация мезгили 120–150 күнгө созулат. Үрөнү 1–2<sup>о</sup>С жылуулукта өнүп, 4–5<sup>о</sup>С өсүп чыгат. Кара буудай суукка жана кургакчылыкка байымдуу. Башка эгиндерге караганда топуракты көп тандабайт. Бирок кара топурактуу жерде мол түшүм берет. Данында 18,0%и белок, 69,1%и углевод, 1,8%и май, В , В , Е, РР витаминдери жана А провитамини бар. Уну нанга, акшагы жана улпагы жем катары пайдаланылат, ошондой эле спирт жана крахмал өндүрүшүнө жумшалат. Наны жыттуу, жегиликтүү, сиңимдүү келет. Кара буудай көк кезинде сапаттуу тоют катары, саманы кагаз, целлюлоза жана башка жасоого жумшалат, малга төшөлөт. Жапайы түрү селекция ишинде колдонулат. Кара буудай менен буудайды аргындаштырып, сапаттуу тритикале гибриди алынган. Кыргызстанда чыгарылган Кыргыз 1 сорту Ош облусуннда, Чүй, Талас өрөөндөрүндө, ал эми буудай-Кара буудай гибриди – Немига 2 Ысык-Көл өрөөнүндө тоют катары айдалат.
[[Категория:Өсүмдүктөр]]
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Кара_буудай" булагынан алынды