Ли Бо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
File
1-сап:
[[File:Libai touxiang.jpg|thumb|upright=1.2|]]
 
'''Ли Бо''' (экинчи аты Ли Тайбо; 701, азыркы [[Кыргызстан]], Токмок шаары –762, Даньту) – кытай акыны. Акындын туулган жери жөнүндө эки божомол кездешет. Биринде ал Кытайдын Сычуань провинциясынын Цинлян кыштагында туулган делсе, экинчисинде байыркы Суябда, азыркы Токмок шаарынын жанында туулган деп айтылат. 900дөн ашуун лирикалык ырлары бизге жеткен, анын ичинде «Байыркы» циклинде, элдик ырлар жанрындагы ырларында (Юэфу), ыргактуу прозасында (фу), төрт саптык бир шилтемдеринде конфуцийлик рационализм даосизмге мүнөздүү жаратылыш менен жуурулушуу мотивдери менен айкалышкан. Дүйнөлүк поэзиянын классиги Ли Бонун ырлары элге жана аялдардын оор турмушуна жан тартууга, патриотизмге каныккан.
Чыгармалары: Ли Бо. Тандалган ырлар. Б., 2001; Дүйнөлүк поэзиянын антологиясы, Б., 2004.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Ли_Бо" булагынан алынды