"Жон Фицжералд Кеннеди" түзөтүүлөрүнүн айырмасы

м
no edit summary
(+ link)
м
1940-ж. Гарвард университетин бүтүргөн. 1941–45-жылдары флот офицери, 1947–61-жылдары АКШ демократиялык партиясынан АКШ Конгрессинин өкүлдөр палатасына мүчө, 1953–61-жылдары Массачусетс штатынан Сенаттын мүчөсү, Президент катары социалдык-экономикалык реформалардын чектелген программасын сунуш кылган. Согуштук блокторду жана АКШнын куралдуу күчтөрүн чыңдоого аракеттенген, ошондой эле дүйнөдөгү күчтөрдүн өз ара катышынын өзгөрүшүн эске алып, СССРге реалдуу мамиле жасоого үндөгөн. Далласта өлтүрүлгөн.
 
Кеннеди Бруклинде, Массачусетс штатында, [[Жозеф П. Кеннеди|Жозеф П.Кеннеди]] жана Роуз Кеннединин үй-бүлөсүндө туулган. Кеннедилердин тукуму катары ал 1940-жылы Гарвард университетин аяктайт, андан кийинки жылы АКШ нын Аскердин-деңиздик резервине кирет. Экинчи Дүйнөлүк Согуш учурунда Кеннеди Тынч океандагы салгылаштарда РТ кайыктарынын бир катарына башчылык кылып, кызматы үчүн аскердик-деңиз флотунун жана деңиз жөө аскерлеринин медалына ээ болот. Согуштан кийин Кеннеди Массачутетстин 11-шайлоо округун АКШ нын эл өкүлдөр Палатасында 1947-жылдан 1953-жылга чейин көрсөтүп турган. Андан кийин ал АКШ нын Сенатына шайланып, Массачусетстин кичи сенатору катары 1953-жылдан 1960-жылдары иштеген. Сенатта кызмат кылып жүргөн кезинде ал "Кайраттуулуктун[[Каармандык багыттарыөрнөктөрү (китеп)|Каармандык өрнөктөрү]]" (Profiles in Courage) деген биографиялык чыгармасын жарыялап, Пулитцердик сыйлыкка ээ болот. 1960-жылкы президенттик шайлоодо Кеннеди вице-президент болуп ошол кезде иштеп жаткан, республикачыл атаандашы Ричард Никсонду араңдан зорго жеңип чыгат.
 
* [[Кариб кризиси (1962)]]
845

edits