Кочубаев, Тойчу Тагаевич: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белги: Жаңы багыттама
1-сап:
#REDIRECT [[Кочубаев Тойчу Тагаевич]]
==Кыскача өмүр таржымалы==
Кочубаев, Тойчу Тагаевич (1922, [[Араван]] району, [[Чек-Абад]] кыштагы.-1981, ошол эле жерде)-айыл чарба өндүрүш ишмери, Социялистик Эмгектин Баатыры (1966). Кыргыз ССРинин дыйканчылыкка эмгек сицирген устаты (1958). 1944-жылдан [[КПСС]] мучесу. Советтик Армияга кызмат өтөп келгенден кийин, 1946-жылдан «[[Кызыл-Толкун]]» колхозунда председателдин орун басары болуп иштеп, 1954-жылы А. А. Жданов атындагы колхоздун председателдигине шайланган. 1965-жылы колхоз боюнча 1200 га пахта аянтынын ар гектарынан 36 плен түшүм жыйнап алынган. Мамлекетке пахта сатуунун 7-беш жылдык планы 4708 гга ашык, эт сатуу 107%, сүт 106% жана жүн 100%ке аткарылган. 1947-жылдан «[[Жаны-Жол]]» колхозунун председатели, 1979-жылдан тоют топтоо боюунча колхоздор аралык бирикменин директору. 1966—74-жылдары [[СССР Жогорку Совети]]нин жана 1963—67-жылдары [[Кыргыз ССР Жогорку Совети]]нин депутаты. <br>
==Сыйлыктары==
Социялистик Эмгектин Баатыры,Ленин ордени, Октябрь Революциясы, 2 Эмгек Кызыл Туу, Кызыл Жылдыз, «Ардак Белгиси» Ордендери, медалдар менен сыйланган.<br>
==КОЛДОНУЛГАН АДАБИЯТ==
 
[[Категория:Инсандар]]
[[Категория:Кыргызстан]]
[[Категория:Ош облусу]]
[[Категория:Араван району]]