Вакуленко, Валерий Яковлевич: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
{{mergeto|Вакуленко Валерий Яковлевич}}
'''Вакуленко, Валерий Яковлевич''' - адабиятчы, котормочу. Сокулук районунун М.В.Фрунзе атындагы айылында 1945-жылдын 23-октябрында туулган. 1963-жылы орто мектепти, 1971-жылы А.Жданов атындагы Ленинград мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөн. 1964–1967-жж. Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. Эмгек жолун 1971-жылы «Кыргызстан» басмасында редактор болуп иштөө менен баштаган. Кийин улук редактор, 1977-жылдан «Советская Киргизия» гезитинде адабият жана искусство бөлүмүнүн башчысы, 1983-жылдан улук окутуучу, доцент, 1993-жылдан Орус тили жана адабияты педагогикалык институтунун (азыркы Бишкек гуманитардык университети) адабият теориясы жана тарыхы кафедрасынын профессору болуп иштеп жүрүп, 1979-жылы «20-жылдардагы орус совет адабиятындагы гуманизм көйгөйлөрү» деген темада кандидаттык диссертациясын, 1991-жылы «Детские литературы народов Средней Азии в их связи и взаимодействии с русской литературой» деген темада доктордук диссертациясын жактаган.