Тамактануу: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
толуктоо |
Praxidicae (талкуу | салымы) м Reverted edits by 60.238.228.154 (talk) to last revision by 212.112.122.71 Белги: Rollback |
||
2-сап:
'''Тамактануу''' — организмдин тиричиликти, ден соолукту, ишке жөндөмдүүлүктү сактоо үчүн зарыл болгон азык заттарды сиңирүү процесси...
== Туура тамактануу ==
Туура тамактанган адам ооруга аз чалдыгат жана тез сакаят. Ичеги-карын, жүрөк-кан тамыр ооруларын жана башкалар дарылоо максатында атайын тамактануу режими жана рацион түзүлөт ([[Мүнөздөп тамактануу]]). Тамактануу организмдин ар тараптан өсүшүн жана иреттүү иштөөсүн камсыз кылууга тийиш. Ал үчүн тамак рациону, өлчөмү жана сапаты адамдын адистигине, жашына, жынысына ылайык талап кылынат. Организмдин физиологиялык талабы бир катар шартка байланыштуу. Организм тамак-аш аркылуу тиричилик аракетине зарыл болгон белокторду, майларды, углеводдорду, ошондой эле биологиялык активдүү заттарды — витаминдерди жана минерал туздарды (к. Минерал заттар) алат. Бул же тигил тамак азыгын сиңирүүдөн бөлүнүп чыккан энергиянын саны бул азыктын калориялуулугу деп аталат. Ар түрдүү тамак заттарын жана энергияны киши жынысына, жашына, иштеген ишине ылайык талап кылат.
=== Белоктор ===
[[Белок|Белоктор]] тамак-аштын маанилүү составдык бөлүгүн түзөт. Тамак-ашта белоктордун жетишсиздигинен организм жугуштуу ооруларга туруктуулугун жоготот, кан пайда болуу басаңдайт, организмдин өсүшү кечеңдейт, нерв системасынын, боордун жана башкалар органдардын иши начарлайт, ооруп айыккандан кийин клеткалар көпкө калыбына келбейт. Ал эми белоктордун ашыкча болушу да организмге зыян. Дан жана чанактуу өсүмдүктөр, картошка организмди белоктор менен камсыз кылууда негизги булак болуп саналат. Этте, балыкта экстративдүү заттар болгондуктан анын сорпосу тамак сиңирүүнү жакшыртат.
Line 36 ⟶ 35:
Баланын тамактануусу. Баланын тамагы анын жашына ылайык тандалышы керек. Ашыкча же жетишсиз тамактандыруу баланын денесинин жана акыл-эсинин өсүшүнө терс таасир тийгизет. Баланын зат алмашуусу тез жүрүп, энергияны көп сарп кылуусунун (көп кыймылдоонун) натыйжасында анын организми белок менен калориялуу азыкты көп талап кылат. Ошондуктан балдар эт, балык, жумуртка, сүт азыктарын жетишерлик кабыл алуусу өтө маанилүү. Бала майды көбүнчө ак майдан жана сүт азыктарынан эле жетишерлик алат. Углевод балага өтө керек, ал энергия булагы болуп эсептелет. Углевод мөмө-жемиште көп, айрыкча сүттөгү лактоза углеводу балдар үчүн өтө маанилүү. Бирок углеводдун ашыкча болушунан организмде зат алмашуу бузулат, ооруга туруксуз болуп, семирип кетиши ыктымал. Витаминдүү жана минералдуу тамак-аш балага өтө керек. Баланы режим менен тамактандырууга көндүрүү маанилүү. Мектепке чейинки баланы күнүнө 5 маал, ал эми окуучулар 4 маал тамактанууга тийиш.
Дарылоо-профилактикалык тамактануу. Айрым өндүрүштө иштеген адистерге организмди чыңдоо, тышкы чөйрөнүн терс таасирине чыдамкайлыгын арттыруу, зат алмашууну жана органдар менен системалардын ишин жакшыртуу максатында акысыз дарылоо-профилактикалык тамак берүү каралган. Буга ылайык атайын рациондор иштелип чыккан, тамак азыктарынын тизмеси түзүлгөн жана өндүрүштүн зыяндуулугунун организмге таасирине жараша витамин препараттарын берүү нормасы бекитилген. Айрым өндүрүштө иштегендерге акысыз кошумча витамин берилет. Мисалы, организмге фтор, хлор, хром, циан бирикмелери жана жегич металлдын таасири бар өндүрүштөгүлөргө А витамини (2 мг); мышьяк, теллур, тетраэтил, коргошун, бромдуу углеводдор, күкүрттүү көмүртек (көмүртек сульфиди), тиофос, сымап, марганец таасир эткенде В витамин (4 мг) берилет. Өтө ысык жерде иштегендер, нан бышыруучуларга жана башкалар күнүнө А (2 мг), В, (3 мг), В2 (3 мг), С (150 мг), РР (20 мг) витаминдери берилет. Дарылоо-профилактикалык тамактар өнөр жай ишканаларынын ашканаларында же администрация менен макулдашылып, атайын мүнөз тамак ашканаларында даярдалып берилет.
== Колдонулган адабият ==
Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы. «Ден - соолук» Медициналык энциклопедия. - Ф.:1991, ISBN 5-89750-008-8
|