Элдик медицина: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
1-сап:
'''Элдик медицина''' — дарылык касиети бар заттар, [[Өсүмдүктөр|өсүмдүктөр]], гигиеналык ыкмаларды ооруну дарылоо, алдын алуу, ден соолукту
<br />
== Кыргыздын элдик
Кыргыздын элдик медицинасында картык менен кан алуу, сүлүк салуу, кийиз күйгүзүп басып, кандын агышын токтотуу, тамыр кармап ооруларды «ысык» же «суук» деп бөлүп, тамактануу жолун көрсөтүү жана башкалар («ысык» болсо оорулууга мүнөз тамак же 20—30 күн кайнак суу берип, ачкалык менен, «суук» болсо күчтүүлөп тамак берип дарылаган) колдонулган. Ошондой эле Элдик медицинада ооруну басаңдатуу же жарааттын ириңин сордуруу максатында түрдүү чөптөрдү жана алардан жасалган дарыларды тартышкан, ичиришкен; айбанаттардын өтүн, майын сыйпашкан; кеперес, ачык таш, сымап жана башкалар минералдык заттарды да дары катары колдонушкан. Табыптардын колдонгон ыкмалары, дарылары көп учурда зыяндуу келип, оорулуунун өмүрүнө коркунуч туудурган, жугуштуу ооруларды таратууга шарт түзгөн. Ошону менен катар Элдик медицина анын дарыгерлери билими жагынан төмөнкү баскычта турушса да, колдонгон каражаттары эң жөнөкөй болсо да өз убагында калкка чоң жардам көрсөтүшкөн. Элдик медицина кээ бир ыкмалары жана баалуу тажрыйбалары (мисалы, ийне сайып дарылоо, чөп менен дарылоо жана башкалар) илимий медицинада колдонулат.
== "Манастагы" элдик медицина ==
|