Мүнөздөп тамактануу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м Bot: Migrating 26 interwiki links, now provided by Wikidata on d:q474191 (translate me)
толуктоо
5-сап:
[[Файл:Пайдалуу тамактар.jpg|thumb|300px|left|Пайдалуу тамактар]]
Бул күндөрү врач бир гана тамак менен (мисалы, алма, быштак, айран, сүт) белгилүү өлчөмдө тамактанууну сунуш кылат. Суусу жана тузу аз өтө жеңил тамак семирүүдө, жүрөк-кан тамыр системасынын ооруларында, гипертония ооруларында жана башкалар берилет. Тамактын өлчөмүн кескин азайтуу ооруканада, мындай дарылоо ыкмасын жакшы билген врачтын көзөмөлүндө гана жүргүзүлөт. Өзүн өзү дарылоо, ошондой эле арыктоо үчүн тамак ичпей коюу организмге зыян келтирип, кээ бир системанын ([[Боор(медицина)|боор]], [[Мээ|мээ]] жана башкалар) иштөө кызматын бузат. Ачкалыкты организм ар кандай көтөрөт. Тамактын сапатын өзгөртүүдө тамак сиңирүүчү органдарга механикалык жана химиялык таасир этүүчү заттарды азайтууга туура келет. Механикалык таасир этүүнү азайтуу үчүн тамак рационунун клетчаткалуу өсүмдүк продуктуларын ([[труп]], [[капуста]], [[бадыраң]], [[чанактуулар]]), [[кесек акшактан]] (кара күрүч) жасалган ботко жана башкаларды алып таштайт, ошондой эле тамакты майдаланган жана эзилген түрүндө пайдаланат. Ичеги-карындын жана тамак сиңирүүчү бездердин кызматын күчөтүүчү тамакты азайтып, химиялык таасирди четтетүүгө болот. Бул учурда ынак сорпо ([[эт]], [[балык]] жана башкалар), куурулган (котлет, бифштекс, куурулган картошка жана башкалар), майлуу тамак, өткүр татымал жана соустар тамак рационунан чыгарылат. [[Жүрөк]] жана бөйрөктүн айрым ооруларында тузсуз тамак сунуш кылынат. Ага шекер, бал, лимон кислотасын, мөмө-жемиш кошуу керек. Мүнөздөп тамактанууда режимдин мааниси чоң. Ал оорулуунун абалына, кыймылына жана оорунун мүнөзүнө жараша болуп, суткасына 4—5 жолу тамактануу сунуш кылынат. Чийки өсүмдүк продуктуларында организмге керектүү витамин, фермент, фитонциддер, микроэлементтер, органикалык кислоталар, канттар (фруктоза) жетиштүү болот. Чийки жашылча биологиялык активдүү заттарга өтө бай болгондуктан оорулуу жана дени соо кишинин тамагынын негизги составдык бөлүгү болуп калды.<br />
Оорулуунун абалын жакшыртуучу биологиялык активдүү заттар [[сүт]], [[кефир]], [[каймак]] жана [[быштак|быштакта]] көп. Уйдун майсыз эти, тоок жана коён эти, боор мүнөз тамак-ашка кирет. Жашылчалардын кээ бир түрүнөн (труп, чанактуулар) башкасы бүт мүнөз тамак болуп эсептелет. Тамактын ысык, муздактыгы да маанилүү. Ысык тамак 60° С болгондо жагымдуу келет. Өтө ысык же өтө муздак тамак кызыл өңгөчтүн жана карындын былжыр челин дүүлүктүрөт. Ар бир мүнөз тамак бирдей номер менен белгиленет.<br />Post - качууга жаныбарлардан келип чыккан азык-түлүк алып, адамдын рухий жактан тазалай чейин (ибадатканаларды барып, сыйынып, уруш-талашка жана кыжырдана сактоо), ал эми. Бул мезгил ар ачууну четке кагуу менен коштолот: зоок программаларын карап, кинотеатрларга жолугууга, коноктор жана башкалар барып, кубаныч менен музыка угуу<ref>[https://365calend.ru/post.html 2020-жылы чиркөө орду.]</ref>
 
== Кээ бир ооруларда үйдө мүнөздөп тамактануу. ==
=== № 1 диета ===