Көк шимүүр, көк катын: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
No edit summary
1-сап:
{{mergeto|Шалфей}}
[[Файл:Wiesensalbei 1.jpg|thumb|''Salvia pratensis''.]]
'''Көк шимүүр''', '''көк катын''' ({{lang-la|Salvia}}, [[L.]] 1753) – эрин гүлдүүлөр тукумундагы көп жылдык [[өсүмдүк]] уруусу. Бир же көп жылдык чөп. Сабагы бутактуу, бийикт. 50-60 ''см''ге жетет. Калемчедей майда топ гүлү, шыпыргыдай ири топ гүлдү түзөт, алар сабактын учунда жайгашат. Гүлдөрүнүн түсү мала кызыл, көгүш кызыл, кочкул көк. Жер жүзүндө 700 жакын түрү, [[Кыргызстан|Кыргызстанда]] 8 түрү белгилүү. Өрөөндөн тартып тоонун субальпы алкагына чейинки жерлердеги боз дөңдө, шалбаада, суу боюнда, жолдун, арыктын жээгинде, кээде аңызда өсөт. Бардык түрү эфир майлуу. Мускаттуу К. ш. деген түрүн айрым өлкөлөрдө атайын айдалат. Гүлүнөн [[эфир майы]] алынып, ал [[парфюмерия|парфюмерияда]], [[самын]] кайнатууда, шарап чыгаруу өнөр жайында пайдаланылат. Мускаттуу К. ш-дин жапайы түрү [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] тоолорунда да кездешет. Дарылык К. ш. деген түрү [[Каракол|Караколдогу]] дары өсүмдүктөрдү өстүрүүчү станцияда кеңири айдалып, дары өнөр-жайына киреше берип турган. Ал түр чала бадал, бийикт. 30-70 ''см'', жалбырагы майда, анда 0,5-2,5 % эфир майы бар.
 
== Колдонулган адабияттар ==
* [[Биология: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4