'''КамүКамю, Альбер''' ({{lang-fr|albert Camus}} 7. 11. 1913, [[Алжир]], Мондови айылы — 4. 1. 1960, Франция, Вильвблевен айылы) — фр. [[жазуучу]] жана [[философ]]-[[Экзистенциализм|экзистенциалист]]. [[Нобель сыйлыгы|Нобель сыйлыктын]] лауреаты (1957). Каршылык көрсөтүү кыймылынын катышуучусу. «[[Бөтөн адам]]» (1944) повестинде жашоонун абсурддуулугу ж-дөгү тема козголот. «[[Чума (роман)|Чума]]» (1947) аттуу антифашисттик роман-икаясында адамдын эң жогорку эрдиги деп тиричиликтин маанисиздигине каршы күрөштү эсептеген. «[[Сизиф жөнүндө миф]]» (1942), «[[Жаалданган киши]]» (1951) филос. чыгармаларында, «Калигула» (1944) пьесасында дүйнөдөн четтеп калбоо үчүн жасалган курулай аракеттерди көргөзөт. К-нун Чыгармачылыгында гуманисттик жана индивидуалисттик карамакаршы тенденциялар камтылган.