Интернет: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү Android app edit
толуктоо
39-сап:
==Келечектеги интернет==
GOOGLE X компаниясынын масштабдуу долбоорлорунун бири – жер планетасын аба шарлары менен курчап, интернетке жеткиликтүү туташууну камсыз кылуу. Аба шарлары жерден 20 чакырым бийиктикте учуп, күндүн нурунан кубат алышат. Жыйынтыгында интернетти ошол шарлар аркылуу алууга болот. Ал эми 2013-жылы компания Project Loon деп аталган гиганттык шарларды абага учурган. Аба шарлары атмосферада 80 күнгө чейин калкып, интернетти берүү жөндөмдүүлүгү секундасына 25 мегабитти түзгөн.
Учурда компания SkyBender долбоорунун үстүндө иштеп жатат. Максаты – миллиметрдик диапазондогу радиотолкунду колдонуу менен жер планетасына секундасына бир нече гигабитке жеткен интернетти таркатуу. Бул долбоор АКШнын Федералдык комиссиясынан 2016-жылы эксперимент жүргүзүүгө уруксат алган. Азырынча компания зымсыз интернет менен канчанчы жылы камсыз кылары белгисиз. Интернет туюк киреше же алуу үчүн көп мүмкүнчүлүктөрдү берет. Интернет салымдар - дүйнөнүн каалаган кызыктуу долбоорлорго каражат жана жумушчу туруп, акча табуу мүмкүнчүлүгү.<ref>[https://itstatti.in.ua/16-finansy-ta-investytsii/378-investitsiji-v-internetii.html Интернет салымдар.]</ref>
 
==Терс жактары==
Дүйнө жүзүндөгү кээ бир психологдордун билдирүүлөрүнө караганда интернетти туруктуу жана көп колдонгон адамдарда интернетке болгон көз карандылык пайда болушу мүмкүн. Бул көз карандылыктын алгачкы белгилери интернеттеги убакытты көзөмөлдөй албоо менен башталат. Интернет баракчаларына ашыкча кызыгып андан мына чыгам, ана чыгам деп башка ишин таштап интернетке сүңгүп кирип кетүү, ага болгон көз карандылыктын анык мисалы. Психологдордун айтымында интернетке көп кызыгуунун натыйжасында, адам чыныгы жашоодон алыстап виртуалдык жашоого кирип кетиши мүмкүн. Мындай учурда интернет колдонуучуну финансылык жактан чоң коротууларга дуушар кылышы ыктымал.
Кээ бир маалыматтарга караганда учурда дүйнө жүзүндөгү интернет колдонуучулардын 10% интернет көз карандыларынын катарына кирет.
 
== Жазуулар ==
<references />
 
==Интернеттеги шилтемелер==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Интернет" булагынан алынды