Интергельпо: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Интергельпо''' (лат. inter – өз ара, чех. гельпо – жардам) – 1925–41-ж. Кыргызстанда иштеген өндүрүш [[..."
 
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
 
1-сап:
'''Интергельпо''' (лат. inter – өз ара, чех. гельпо – жардам) – 1925–41-ж. Кыргызстанда иштеген өндүрүш [[кооператив]]и. Чехословакияда (Жилин ш.) [[коммунист]] жумушчулардын демилгеси боюнча 1923-ж. түзүлгөн. 1924-ж. 10-ноябрдагы уюмдаштыруу чогулушунда уставы кабыл алынып, башкармасы шайланган. 1925–32-ж. Кыргызстанга [[Чехословакия]]дан бардыгы 1317 адам келип, алардын 390 кишиси интергельпонун мүчөсү болгон. Кооперативдин жамааты [[Бишкек шаары]]нын [[эмгекчи]]леринин, партиялык жана советтик уюмдардын жардамы менен өлкөнү индустриялаштыруу ишине катышып, алгачкы беш [[жыл]]дыктарда электр станциясын, ага чейин шаймандарын, [[кыш]], черепица, [[булгаары]] [[завод]]дорун, [[мебель фабрикасы]]н, металл иштетүүчү ж.б. маанилүү өнөр жай объектилерин курушкан. Ошондой эле алар Түрксиб, Чүй курулушу, Канттагы кант заводу сыяктуу ири курулуштарды курууга катышкан. Интергельпочулардын [[республика]]сынын [[экономика]]сын жана [[маданият]]ын өнүктүрүүдөгү [[каарман]] эмгеги жана интернационалдык жардамы жогору бааланган. Интергельпонун иш-аракети Кыргызстан менен Чехословакия эмгекчилеринин ортосундагы [[дос]]тук байланыштардын күбөсү болгон.
Интергельпо каякта жайгашкан? "Т.и.Э"
 
==Адабият==