Шейлин Вудли: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
Файл:Shailene Woodley March 18, 2014 (cropped).jpg
 
1-сап:
[[Файл:Shailene Woodley March 18, 2014 (cropped).jpg|thumb|Шейлин Вудли (2014)]]
'''Шейлин Дианн Вудли''' ({{lang-en|Shailene Woodley}}; 1991-жылы, 15-ноябрда туулган) - америкалык актриса жана активист. Шейлин Калифорниядагы, Сан-Бернардино аймагында төрөлүп, Сими өрөөнүндө чоңойгон. Ал [[Энтони Мейндл|Энтони Мейндлдан]] актердук чеберчилик боюнча сабак алып, "[[Атаны алмаштыруу]]" (анг. Replacing Dad) тасмасында дебюттук ролун аткарган. "[[Үй деп аталган жер]]" (анг. A Place Called Home) тасмасында баш каарман [[Калифорния]] Форддун ролу жана "[[Фелисити: Америкалык кыздын жоруктары]]" (анг. Felicity: An American Girl Adventure) тасмасында Фелисити Мерримандын ролдору үчүн "Young Artist Award " сыйлыгына көрсөтүлгөн. Ал эми ABC телеканалындагы "[[Америкалык өспүрүмдүн сырдуу жашоосу |Америкалык өспүрүмдүн сырдуу жашоосу]]" (анг. The Secret Life of the American Teenager) деп аталган үйбүлөөлүк сериалда Эми Ювергенстин ролун аткаргандыгы үчүн элге тааныла баштаган.
 
Андан соң, Вудли ар кандай популярдуу жана жакшы сын-пикирлерге арзыган тасмаларга тарылуу менен кино жылдызга айланган. Алардын арасында "[[Урпактар]]" (анг. The Descendants) тасмасындагы ролу үчүн "[[Алтын Глобус]]" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актриса-тасма категориясы" наамына көрсөтүлгөн, жана "[[Independent Spirit Award]]" сыйлыгынын "Экинчи пландагы эң мыкты актриса" наамын жеңип, "Cannes Trophée Chopard" сыйлыгына ээ болгон. "[[Таасирдүү убакыт |Таасирдүү убакыт]]" (The Spectacular Now) тасмасына "Санденс Кинофестивалынын" жюрилеринин атайын "Таасирдүү аткаруу" деген сыйлыгын жеңип алган. Ал эми "[[Күнөө биздин жылдыздарда]]" (анг. The Fault in Our Stars) тасмасы үчүн да жагымдуу мактоолорго арзыган. Вудли "[[Дивергент]]" (анг. The Divergent) чыгарылыштарындагы ролу менен дүйнөлүк атактуулукка ээ болгон. Буга кошумчалай ал "[[Сноуден]]" (анг. Snowden) тасмасында тартылап, андан соң HBO телеканалындагы "[[Чоң бирок кичинекей жалган]]" (анг. Big Little Lies) кыска сериялуу сериалда жалгыз бой эненин ролун аткаргандыгы үчүн жагымдуу сын-пикирлерге ээ болгон.