Алгебра: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
 
1-сап:
'''Алгебра''' – [[араб|арабдын]] «ал-жебр» деген сөзүнөн келип чыккан, ал [[математика]] илиминин негизги тармактарынын бири. Алгебра бирдей типтеги [[арифметика|арифметикалык]] маселелерди чыгаруунун жалпы методдорун изилдөөдөн жана коомдук практиканын муктаждыктарынан пайда болгон. Алгебрада рационалдуу, иррационалдуу, комплекстүү сандардын системасынын касиеттери изилденет. Алгебрада маселенин шарттары белгисиз чоңдуктар аркылуу туюнтулуп, алар менен жүргүзүлгөн амалдардын негизинде [[теңдеме]] түзүлөт да, андан белгисиздин өзү аныкталат. Алгебранын өсүшүнө чыгыштын орто кылымдагы математиктеринин арабча жазылган эмгектери чоң таасир тийгизген. Өзбек математиги [[Мухаммед-ал-Хорезм|Мухаммед-ал-Хорезминин]] (IX–к.) [[«Алжебр ал-Мукобала»]] деген китебинде Алгебралык чоңдуктар менен иштөө эрежеси жана теңдемелерди чыгаруунун теориясы иштелип чыккан. Ал-Хорезминин убагынан бери алгебра математиканын өзүнчө тармагы катарында окулат. [[Квадраттык теңдеме|Квадраттык теңдемелерди]] чыгарууга керектүү формулалардын табылышы [[жогорку даражалуу теңдеме|жогорку даражалуу теңдемелер]] үчүн, ошондой эле формулаларды издөөгө түрткү болгон. 3– жана 4–даражадагы теңдемелердин чыгарылышына керектүү формулалар XVI к. табылган. Беш жана андан жогорку даражалуу теңдемелер үчүн мындай формулалардын жок экендиги XIX к. башында аныкталган. Азыркы кезде теңдемелерди изилдөө алгебранын негизги маселеси эмес. Азыркы алгебра касиеттери алгебралык операцияларда аткарылуучу жаратылыштагы объекттердин системалары жөнүндөгү илим болуп эсептелет. Алгебралык операциялар: [[матрица|матрицаларды]], [[функция|функцияларды]] кошуу жана көбөйтүү, мейкиндиктик өзгөртүүлөр менен болгон амалдар, [[вектор|векторлор]] менен болгон амалдар ж.б. [[Илим|Илимдин]] өнүгүшүндө группа, талаа, алкак, структура, [[сызыктуу алгебра]], [[топологиялык алгебра]], [[гомологиялык алгебра]], [[категория]] ж.б.у.с. алгебралык системалар пайда болгон. Бул системалар топологияда, [[функциялык анализ|функциялык анализде]], [[сан теориясы|сан теориясында]], [[эсептөө математикасы|эсептөө математикасында]], [[теориялык механика|теориялык механикада]] жана [[Физика|физикада]] колдонулат.алалгебра 10-класстыкы абдан кыйыныраак.
 
<br />
 
== Колдонулган адабияттар ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Алгебра" булагынан алынды