Индия: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
1-сап:
[[Файл:India (orthographic projection).svg|thumb|Индия.]]
[[Файл:Flag of India.svg|thumb]]
'''КАНДАЙ ГУЛДАНА. АЙДАЙ. МАВЛЮДА. Индия''' (хинди тилинде – Бхарат), Индия Республикасы – (Бхарат Ганараджья) Түштүк Азиядагы мамлекет, Индстан жарым аралында. Батышынан Инди океанынын Араб, түштүк-батышынан Лаккадив деңиздери, чыгышынан Бенгал булуңу менен чулганып, түштүгүндө Маннар булуңу менен Полк кысыгы Индияны Шри-Ланка аралынан бөлүп турат. Түндүк-батышынан Пакистан жана Афганстан, түндүгүнөн Кытай, Непал жана Бутан, чыгышынан Бангладеш жана Мьянма өлкөлөрү менен чектешет. Индиянын курамына Лаккадив аралы (Лакшадвип союздук аймагы), Андаман жана Никобар аралы кирет. Аянты 3,3 млн км<sup>2</sup>. Калкы 1129,7 млн (2007; дүйнө калкынын 17%и); элинин саны боюнча дүйнөдө (Кытайдан кийинки) 2-орунда. Борбору Нью-Дели (Дели улуттук борбордук аймагынын курамына кирет). Расмий тили хинди жана англис тилдери. Акча бирдиги Индия рупийи. Административдик-аймактык жактан 28 штатка (федерация субъектилери болуп саналат), борборго баш ийген 6 союздук аймакка жана Дели улуттук борбордук аймагына бөлүнөт; Таблицаны кара. Индия БУУнун (1945), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн аймактык кызматташтык ассоциациясынын (СААРК; 1985), Ынтымакташтыктын (1947), ЭВФтин (1945), Эл аралык реконструкция жана өнүгүү банкынын (1945), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (1995), ШКУнун (2005-жылдан байкоочу) жана башкалар эл аралык уюмдардын мүчөсү.
 
==Мамлекеттик түзүлүшү==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Индия" булагынан алынды