Мухаммед Хайдар: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
3-сап:
[[Файл:Silver coin of Haidar Dughlat in name of Said Khan.jpg|thumb|right|Мырза Мухаммед Хайдар Кашмирде чыгарган күмүш тыйын. 1533-ж.]]
 
'''МУХАММЕД ХАЙДАР, Мырза Мухаммед Айдар (Хайдар) ибн Мухаммед Хусейн-Көрөгөн''' (Куреган, Гураган) дуглат (1499/1500, [[Ташкент]] ш.–1551, [[Кашмир аймагы]], [[Индия]]) – саясий ишмер, тарыхчы. Көпчүлүк изилдөөлөрдө Мырза Хайдар дуглат же Хайдар-мырза катары да белгилүү болуп, өзү Айаз деген адабий псевдонимди (тахаллус) колдонгон.
 
 
==Кыскача таржымакалы==
 
Мырза Мухаммед Айдар (Хайдар) ибн Мухаммед Хусейн-Көрөгөндүн ата-теги [[Моголстан]] ж-а [[Чыгыш Түркстан|Чыгыш Түркстандын]] тарыхында маанилүү роль ойногон моголдордун дуулат уруусунан чыккан белгилүү эмирлер болгон. Мис., могол хандарына кылган артыкча кызматы үчүн Кашкар аймагы (к. Манглай Субе) түпкү аталарынын бири Ордобинин (Уртубу) энчисине тийген.
 
Кийинки атасы Пуладчи (БуладжиПолотчу; Булатжи) өз колу м-н Туглук Тимурду, дагы бир атасы Худайдад Моголстандын тагына алты хан отургузса, М. Х-дын үчүнчү атасы Сайид Али Улугбектин кол башчысын Кашкардан кууп чыгып, аны узак убакыт бою бийлеп турган.
 
Чоң атасы Мухаммед Хайдар мырза да бир топ жылдар [[Кашкар|Кашкарды]] бийлеген, бирок 1480-ж. аны жакын тууганы Абу-Бакрга тарттырып жиберип, өзү Юнус хандын кол алдына кеткен. Өз атасы Мухаммед Хусейн жашынан Султан Махмуд хан м-н чогуу тарбияланып, кийин Орто-Төбөнү башкарган ж-а шейбанилер [[Ташкен|Ташкентти]] алганда, Кара-Тегин, андан Кабулга качып, Бабур шахка каршы козголоңго катышууга үлгүргөн. Кийин Ферганга кайтып, ал жерден Мухаммед Шейбанинин буйругу м-н өлтүрүлгөн.