Укук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
м Reverted edits by 46.251.209.118 (talk) to last revision by DARIO SEVERI
Белги: Rollback
1-сап:
'''Укук''' — 1) объективдүү маанисинде алганда мамлекет тарабынан белгиленген жана анын мажбурлоо мүмкүнчүлүгү аркылуу камсыз кылынуучу (позитивдүү укук), же болбосо адамзаттын акыл-эсинин табиятынан келип чыгуучу, жалпыга милдеттүү социалдык ченемдердин (жүрүм-турум эрежелеринин) тутуму; мамлекеттен жана мыйзамдан жогору туруучу императив (табигый укук). Укук жазылма (статуттук, прецеденттик) жана демейки, динден тышкары жана диний, улуттук жана эл аралык болуп бөлүнөт. Укук тутум катарында, ар биринин өзүнүн жөнгө салуу заты жана өзүнчө өзгөчө белгилери бар бир кыйла укук тармактарына (м.: [[жарандык укук]], [[конституциялык укук]], үй бүлө укугу, эмгек укугу, [[кылмыш-жаза укугу]]), тармакчаларына (м.: автордук укук., мурастоо укугу ж. б.), тармактар аралык юридикалык ченемдик комплекстерге (банк укуктары, ишкердик укуктары) ажырымдалат. Укукту салыштырма укук таанууда да өзүнчө укук тутумдарына («укуктук үй бүлөлөргө») бөлүштүрүшөт: роман-герман (континенттик), англо-америкалык, мусулмандык, салттык жана социалисттик; 2) субъективдүү маанисинде алганда, адамдын, мамлекеттик органдын, элдин, мамлекеттин жана башка субъекттин мүмкүн болуучу жүрүм-турумунун түрү жана чарасы (юридикалык укук).
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Укук" булагынан алынды