Спирт: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
м ImeNtrav moved page Спирттер to Спирт
толуктоо
1-сап:
'''Спирттер''' — көмүртек каныккан атому менен байланышкан бир же бир нече (-ОН) тобу бар углеводород. Мол-сындагы ОН тобу санына жараша бир атомдуу (алкоголдор), эки атомдуу (гликолдор), үч атомдуу (глицериндер) жана көп атомдуу С. болуп бөлүнөт. Бир атомдуу С. биринчилик RСН2ОН, экинчилик RR’СНОН жана үчүнчүлүк RR’R®С-ОН болуп айырмаланат. Углеводород радикалынын мүнөзүнө карата ациклдүү (мисалы, ''метил спирти, этил спирти), ''алициклдүү (циклогексанол), май ароматтык ''(бензил спирти жана ''гетероциклдүү (фурил) деп айырмаланат. Төмөнкү мол-луу бир атомдуу алифаттык С. — алкоголь жыттанган, түссүз суюктук, суу менен бардык катышта аралашат. ''Гликоль, глицерин ''(С4-С5) — май сымал суюктуктар. Ири мол-луу С. (С|2 баштап) — жытсыз, катуу заттар, сууда эрибейт. С. [[органика|органикалык]]&nbsp; эриткичтерде жакшы эрийт жана өздөрү эриткич болушат. Суу жана айрым [[органика|органикалык]]&nbsp; бирикмелер менен ''азеотроптук аралашмаларды ''берет. Щелочтуу жана кээ бир башка металддар менен алкоголяттар (к. ''Алкоголяттар жана феноляттар), '' күчтүү минералдык к-талар же Льюис к-талары менен жөнөкөй, ал эми минералдык жана карбон к-талары менен этерификацияланып, та-таал эфирлерди пайда кылат. Биринчилик жана экинчилик С. [[металл]] катализаторлор катышуусу менен ''алъдегиддерге жана кетондорго ''айланат. Үчүнчүлүк С. нейтралдуу же шелочь чөйрөсүндө окистенүүгө туруктуу, ал эми кычкыл чөйрөдө кетонго жана көмүртек атомунун саны төмөн болгон к-таларга ажырайт, суунун молекуласын бөлүп чыгарып алкенди пайда кылат. С. ОН-тобуна НСl, НBr, РСl3, РОСl3, РОСl5, SОСl3 жана башка таасир этүүдөн Наl орун алмашат. Өндүрүштө С. алкилгалогенид гидролиздөө, ''олефинди ''гидраттоо, карбонилдүү бирикмелерди калыбына келтирүү, Гриньяр реакциясы б-ча, СО катализатордук катышуусу менен суутекти кошуп алуунун натыйжасында, кантты ферменттер катышуусу менен ачытууда жана башка ыкмалар менен алынат. Боёк өндүрүшүндө аралык продукт катары, ''синтетикалык булалар, пластмасса, ''лак-боёк материалдарын, кир кетиргич жана дары каражаттарды жана башка алууда колдонулат. Берришон үчүн Мисалы, буу кош Тартуучу өтүшөт.<ref>[https://1buyup.ru/dvin-cognac-artcl.html Айрыкча, өндүрүштүн Берришон жасалып түзүү.]</ref>
 
== Жазуулар ==
<references />
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[Химия: Энциклопедиялык окуу куралы]]/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004. - 422 б. ISBN 9967-14-021-6
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Спирт" булагынан алынды