Кыргызстан тарыхы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
<br />
Зарина ким
 
== Эң байыркы доор ==
51-сап:
Жужандар талкаланып, I Түрк каганаты негизделгенден кийин Бумын-кагандын иниси Истеми батыш аймактарга карай болгон согуштук жүрүштөрдү жетектеп, анын жортуулу Чыгыш Туркестандын, Теңир-Тоонун түндүк тарабы аркылуу Жети-Сууга, Орто Азияга карай багытталган эле. Теңир-Тоого чектеш аймактарда түрктөр эфталиттер менен кагылышкан. 555 жылы түрк уруулары батышындагы Жети-Сууну, Орто Азиянын талаа тилкесин, Сыр-Дарья, Аралга чейинки жерлерди ээлешет".
 
=== БатыштүркБатыш түрк (Он ок) каганаты (603-658) ===
{{Main|Батыштүрк каганаты}}
Биринчи түрк каганатындагы 20 жылга жакын созулган ич-ара тартыш 603-жылы империянын биротоло эки мамлекетке бөлүнүшүнө алып келет. Биринчи Түрк каганатынан өз алдынча Батыш түрк каганаты бөлүнгөндөн кийин ал "Он Ок Эли" деген мамлекет болуп атала баштайт.
78-сап:
Ысык-Көлдүн туштук-чыгышында жайгашкан Барсхан шаарында туулуп, Кашкарда билим алган дагы бир даңазалуу аалым — XI к. турк этнологу, диалектологу, фольклорист, тарыхчысы, тилчиси, географы, картографы, түрк боордоштугунун идеологу Мах¬муд Кашгари (Бархани) да ушул доордо жашаган. Анын «Диван лугат ат-турк» («Турк тилдеринин сөз жыйнагы») аттуу эмгеги жана андагы дүйнөнүн тегерек картасы белгилүү. Анын картасында Теңир-Тоо тоо системасы, Ысык-Көл, Баласагун, Барсхан, Кочңар-Башы шаарлары көрсөтүлгөн.
 
=== Каракытайлар, Селжукийлерселжуктар жана Наймандарнаймандар ===
{{Main|Каракытайлар мамлекети|Улуу Селжук мамлекети|Кыргызстан аймагындагы Найман мамлекети}}
XII к. экиичи чейрегинин башында азыркы Кыргызстандын аймагы чон саясий окуяларга туш болот. 1130-ж. чыгыш тараптан каракытайлардын башчысы Елүй Даши Жети-Сууга келип, Баласагун шаарын каратып, аны өз байтактысы (ордо шаары) катары жарыялаган. Каракытай гурхандары Караханийлердин ички ишине кийлигишпей, салык жыйноо менен гана чектелген.