Байымбет балбан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Байымбет балбан''' ('''Баймамбет''') Алыбек уулу — XIX кылымдын 2-жарымында жана XX кылымдын башында..."
(Айырма жок)

10 январь 2020, саат 15:10 учурдагы нуска

Байымбет балбан (Баймамбет) Алыбек уулу — XIX кылымдын 2-жарымында жана XX кылымдын башында күрөш боюнча эч кимден жеңилбеген кыргыз балбаны. Байымбет балбан алгач Тогуз-Торо менен Ак-Талаа аймактарында жашап жүргөндө «Баймамбет» деп таанылчу. Бирок ал Өзгөнгө, андан кийин Көгарт өрөөнүнө (Сузак р.) көчкөндө Байымбет деген ысым менен таанылган.

Байымбет балбан көтөргөн таштар Ак-Талаа жана Сузак райондорунда сакталып калган. Учурда Өзгөн районунда Байымбет балбандын туугандарынын урпактары жашашат. Ал эми балбандын өзүнүн урпактары Сузак районунун Таран-Базар жана башка айылдарында жашап келе жатышат.

Өмүр баяны

Балбандын Тогуз-Тородогу жашоосу

Байымбет балбан XIX к. ортосунда Тогуз-Торо чөлкөмүндөгү Чет-Булак айылында төрөлгөн. Бул тууралуу тогузторолук акын Кожалы уулу Жакшылык 1996-жылкы китебинде орун алган «Байманбет балбан» деген 34 беттен турган дастанында маалымдаган. Ошондой эле, дастанда Байымбет балбандын байсогур уругунан болгондугу жана 25 жашында казак элинде өткөрүлгөн ашка барып, күрөш боюнча бардык балбандарды жеңип кайткандыгы баяндалат. Ал ошондо Түк балбан, Кап балбан сыяктуу башка улуттун балбандарын жеңип, эл аралык деңгээлде атагы чыга баштаган.

Ак-Талаадагы жашоосу

Тарыхчы Жумагул Байдилдеевдин 2001-жылы чыккан китебинде жыйналган фольклордук материалдардын арасында Байымбет балбан жөнүндө да уламыш, аңыз-кептердин кезигиши анын кийинки жашоосунун Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун аймагында өткөндүгүнөн кабар берет. Китепте Ак-Талаанын Чолок-Кайың айылында сакталып калган 125-133 кг салмактагы «Баймамбеттин ташы» жөнүндө, Каракчы-Коо деген жердеги каракчылар менен Байымбеттин алышкандыгы тууралуу кеңири баяндалган. Ж. Байдилдеев берген маалыматтарда Баймамбет балбандын кийин Ак-Талаадан «Анжиян» тарапка көчүп кеткендиги айтылат. 2015-жылы К. Молдожунусов тарабынан жазылган «Баймамбет балбан» деген макалада да Баймамбеттин андан кийинки тагдыры изилденбей калган.

Өзгөндөгү жашоосу

Ж. Байдилдеевдин китебинде Ак-Талаадан атактуу Моюнчу балбан атайын Анжиян тарапка Байымбет балбанды издеп барып күрөшүп, күчтөрү тең болгондугу жана кийин экөө Байзактын ашында да күрөшкө түшүп, мунусунда Моюнчу балбан жеңилгендиги баяндалган.

Ош облусунун Өзгөн районунун Ак-Терек айылына жакын жерде «Байымбет жайлоосу» жайгашкан. Ал жердегилер Байымбеттин «Аркадан» келген атактуу балбан болгондугун жана анын ушул жайлоодо жашагандыгын билишет. Андан тышкары, бул тегеректе Байымбеттин Шаамамат, Муса, Молдомуса деген бир туугандарынын урпактары жана Байымбеттин атасы Алыбектин бир тууганы болгон Жаныбектин урпактары азыр да бар. Өзгөндүктөр Байымбет балбан менен кошо анын күйөө баласы делген Калча балбандын эрдиктери тууралуу да эскерип келишет.

Сузактагы жашоосу

Баймамбет балбандын Өзгөндөн кийинки жашоосу Жалал-Абад облусундагы Сузак районунда өткөндүгүн мындагы Таран-Базар айылында жашашкан урпактарынын өз оозунан билүүгө болот. Алар бабасынын баш кийимин азыркыга чейин сактап келишет. Байымбет балбандын урпактарынын айтымдарына караганда, ал совет мезгилинде кулакка тартылуу учурунда качып жүрүп, 82 жашында көз жумган. Балбандын урпактары анын Бекташ жана Айдаркан деген уулдарынан жана 3 кызынан тарашкан.

Азыркы Сузак районундагы Жыгач-Коргон айылына жакын жерде Байымбеттин «Төө таш» деп коюшкан дагы бир ташы сакталуу.

Колдонулган булактар

  1. Байдилдеев Ж. Тайлак баатыр баяны. – Бишкек, 2001.
  2. Кожалы у. Ж. Тогуз-Тором жүрөк толгоом. – Бишкек, 1996.
  3. Молдожунусов К. Баймамбет балбан // Рух-Кенчи. – Бишкек, 2015.
  4. Төрөкан у. Э. Сол канат кыргыз. – Бишкек, 1995.

Шилтемелер