Байымбет балбан: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Created page with "'''Байымбет балбан''' ('''Баймамбет''') Алыбек уулу — XIX кылымдын 2-жарымында жана XX кылымдын башында..."
 
Кемчиликтер оңдолду
 
1-сап:
'''Байымбет балбан''' ('''Баймамбет''') Алыбек уулу — XIX кылымдын 2-жарымында жана XX кылымдын башында күрөш боюнча эч кимден жеңилбеген кыргыз [[Балбандар|балбаны]]. Байымбет балбан алгач [[Тогуз-Торо району|Тогуз-Торо]] менен [[Ак-Талаа району|Ак-Талаа]] аймактарында жашап жүргөндө «Баймамбет» деп таанылчу. Бирок ал [[Өзгөн|Өзгөнгө]], андан кийин [[Көгарт өрөөнү|Көгарт өрөөнүнө]] ([[Сузак району|Сузак р.]]) көчкөндө Байымбет деген ысым менен таанылган.
 
Байымбет балбан тууралуу эң алгач 1995-жылы санжырачы [[Төрөкан уулу Эсенкул]] кыргыз элинин сол канат уруулары жөнүндөгү китебинде [[Басыз, уруу|басыз уруусун]] баяндап жатып, ''«Той, тамашаларда балбанга чыгып, элинин ар намысын коргогон, ар дайым мелдеште жеңип жүргөн»'' деп, учкай эскерип өткөн.
 
Байымбет балбан көтөргөн таштар Ак-Талаа жана Сузак райондорунда сакталып калган. Учурда Өзгөн районунда Байымбет балбандын туугандарынын урпактары жашашат. Ал эми балбандын өзүнүн урпактары Сузак районунун [[Таран-Базар, Сузак району|Таран-Базар]] жана башка айылдарында жашап келе жатышат.
Line 5 ⟶ 7:
== Өмүр баяны ==
=== Балбандын Тогуз-Тородогу жашоосу ===
Байымбет балбан XIX к. ортосунда [[Тогуз-Торо району|Тогуз-Торо]] чөлкөмүндөгү [[Чет-Булак, Тогуз-Торо району|Чет-Булак айылында]] төрөлгөн. Бул тууралуу тогузторолук акын [[Жакшылык Кожалы уулу|Кожалы уулу Жакшылык]] 1996-жылкы китебинде орун алган «Байманбет балбан» деген 34 беттен турган дастанында маалымдаган. Ошондой эле, дастанда Байымбет балбандын [[байсогур, урук|байсогур уругунан]] болгондугу жана 25 жашында [[Казактар|казак элинде]] өткөрүлгөн ашка барып, [[күрөш]] боюнча бардык балбандарды жеңип кайткандыгы баяндалат. Ал ошондо Түк балбан, Кап балбан сыяктуу башка улуттун балбандарын жеңип, эл аралык деңгээлде атагы чыга баштаган.
 
=== Ак-Талаадагы жашоосу ===