Маршалл Аралдары: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
+ images
No edit summary
1-сап:
[[Файл:Marshall Islands on the globe (small islands magnified) (Polynesia centered).svg|thumb|Маршалл аралдары.]]
[[Файл:Flag of the Marshall Islands.svg|thumb]]
[[Файл:Over RMI Janybek Omorov IMG 2207 2.jpg|thumb|Мажуро аралынын учактан көрүнүшү. Фото Жаныбек Омор, 2017]]
'''Маршалл аралдары''', ''Маршалл Аралдары Республикасы'' (маршаллча Aolepan Aorokin M,ajeMajel, англ. Republic of the Marshall Islands) – Океаниядагы арал мамлекет. Аты окшош архипелагда жайгашкан. Аянты 181,3 км<sup>2</sup>. Калкы 67,2 миң (2011). Административдик-аймактык жактан 33 муниципалитетке бөлүнөт. Борбору – Маджуро (Маджуро [[Атолл|атоллунда]] жайгашкан; калкы 29,3 миң), шаар калкы 69,1%. Акча бирдиги – АКШ доллары.
 
Маршалл аралдары – БУУнун (1991), ЭВФнун (1992), Эл аралык реконструкция жана өнүктүрүү банкынын (1992), [[Тынч океан]] аралдары форумунун (1991; 2000-жылга чейин Түштүк Тынч океан форуму), Тынч океан коомдоштугу секретариатынын (1991; 1999-жылдары чейин Түштүк Тынч океан комиссиясы) мүчөсү.
Line 10 ⟶ 11:
 
Өлкө Океанияда жайгашкан. Арал анча чоң эмес 29 шуру атоллдорунда жана 5 шуру аралдарында (баардыгы 1150) жайгашкан. Тынч океандын батыш бөлүгүндө Ратак жана Ралик деген эки топту түзөт. Экватордон түндүктө, Микронезияда. Эң бийик жери 24 м, эң жапыз жери Тынч океандын жээгинде (0 м). Эң ири атоллу – Кважалейн (97 аралдан турат, аянты 17 км2). Аралда фосфориттин кени бар. Океандын таманынан темир марганец конкрециясынын топтому табылган. Климаты архипелагдын түндүгүндө тропиктик пассаттык, түштүгүндө субэкватордук. Жылдык жаан-чачыны 2000 ммден (Түндүк аралында) 4500 ммге чейин (түштүгүндө; майдан декабрга чейин жаайт). Абанын айлык орточо температурасы 26–33°С, жылдык орточо 28°С. Туруктуу суусу жана көлү жок. Өсүмдүктөрдүн 80ге жакын түрү кездешет. Кокос пальмасы, нан дарагы, банан, шуру лагуналарында мангр өсүмдүктөрү отургузулган. Топурагынын күрдүүлүгү аз, нымды кармабайт. Арал жаныбарларга жакыр. Сүт эмүүчүлөрдүн 9 түрү (колу канаттар, кемирүүчүлөр), жерде-сууда жашоочу жылан, кескелдириктер (өзгөчө геккондор), деңиз жана жашыл таш бакалар, куштардын 106 түрү кездешет. Арал – канаттуулар базары. Жээгинде балыктар (250дөн ашык түрү) быкылдайт. Шурунун (коралл) 140 түрү бар. Коргоого алынган аймагы жок. Бикар жана Таонги (Бокак) атоллунда табигый экосистема (деңиз жашыл таш бакасы) сакталып, Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине киргизилген.
[[Файл:Ж. Омор - Маршалловы острова. Вид на рыболовные судна. 2017-04-22 09.47.05.jpg|thumb|Балык уулоочу кеме. Фото: Жаныбек Омор, 2017 ]]
 
Калкынын негизинен маршаллдыктар түзөт, ошондой эле америкалыктар (6,2%), филиппиндер, япондор, кытайлар ж. б. жашайт. Христиан (негизинен протестанттар), мусулман, иудей динин тутат. Расмий тилдери – маршалл жана англис тилдери. орточо жыштыгы 1 км2 жерге 370 ки­ши. Калкынын жашынын орточо узактыгы: эркектериники – 69,8 жаш , аялдарыныкы – 73,9. Төрөлүүнүн деңгээли 1000 кишиге 29,1 бала. Өлүм-житим төмөн (1000ге 4,4; балдардыкы 1000ге 23,7). 100 аялга 104 эркек туура келет. Ири аралдары: Маджуро (25,8 миң), Эбейе (9,6 миң).