Төрөкул Жанузаков: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
23-сап:
1921-ж. сентябрда [[Самаркан|Самаркандда]] өткөн Түркстан улуттук биримдигинин VI-конгрессине катышкан. Белгилүү чыгыш таануучу, Төрөкулдун жакын досу жана санаалашы Зеки Велидов өзүнүн эскертүүлөрүндө Жанузаковдун Түркстандын эркиндигин жарыялоону өз алдына максат кылып койгон Союздун программасын, Уставын жана башка толгон токой документтерин иштеп чыгып, ал түгүл Туунун эскизисине чейин сүрөтүн чийүүдө зор эмгек жасагандыгын жазып калтырган. Ошол конгрессте Түркстан аймагынын чегиндеги бардык корбашылар менен байланыш түзүлүп аларга саясый кеңешчилерди жиберүү боюнча чечим кабыл алынган. Ушул конгресстен кийин Жанузаков совет бийлигинин диктатурасына ачык нааразы болуп, Түркстан элдерин өз алдынча көз каранды эмес мамлекетке айландыруу үчүн жаңы бийликтен кол үзүп совет бийлигине каршы отряддарды уюштурган.
 
Өзбекстан Республикасынын Мамлекеттик Архивине (19.08.1921. Стенограм. отчет) тийиштүү маалыматтарга ылайык, Т. Жанузаковдун ал мезгилдердеги ишмердүүлүгү жөнүндө: {{Цитата|Т. Жанузаков тоолуу аймактардагы манаптарда уюштуруучулук иштер менен жүрөт. Жана ал жергиликтүү калктарды улуттук платформага негиздеп бириктирүүнүн камын көрүп жатат. Ал болгон күч-аракетин жумшап, өзүн Жети-Суудагы кыргыздардын мыйзамдуу өкүлү катары көрсөтүүдө. Ошондой эле жакынкы аралыкта ал Англия аларга куралдуу күчтөрдөн турган көмөк көргөзөрүн, ал эми Ооганстан алар менен бирдиктүү союз түзөт деп ишендирүүдө.}}
1921-ж. Т. Жанузаков [[Андижан облусу|Андижан]] уездинде Исраил кор башынын тобунда жүрүп, декабрь айында кызыл аскерлер менен болгон уруштардын биринде курман болгон.
 
Т. Жанузаков саясий ишмердүүлүгүнөн тышкары улуттук баалулуктарды сактоо боюнча иш алып барып жүргөн. Ошол эле Заки Валидинин «Эскерүүлөр» китебинен:{{Цитата|Радлов тарабынан жазылган „Манас“ дастанын варианты 19-кылымда араб графикасы менен жазылып анан мага Ташкентте Абубакир Диваевдин берген китебинен алдаганча айырмаланып турат. Анын көпчүлүк жерлерин окуганга да мүмкүн эмес. Түркстанда, Кокон хандыгы учурунда колдон колго өткөн бул варианттын 60 миң гана сабы араң окулат. Биз Жанузаков экөөбүз араб ариби менен кайрыадан бастырууну максат кылдык эле. Бул дастан менин колумда 8 жыл турду. 1920-жылы Жанузаков Бакуда өткөн Чыгыш элдеринин съездинде менден убактылуу бир мөөнөткө сурап алды эле. Бирок, аттиң. Бир жылга аяк баспай Ферганада Совет бийлигине каршы күрөштө ал баатырларча курман болуп, ал көчүрмө жоголуп кетти. Биздин „Манасты“ кайра чогуу бастырып чыгаруу тууралуу кыялдарыбыз ошентип ишке ашпай калды...}}
Line 40 ⟶ 41:
#[https://www.youtube.com/watch?v=XjlFsfgzajE Улутман: "Унутулган инсан Төрөкул Жанузаков". 2-көрсөтүү]
#[https://www.azattyk.org/a/grate_kyrgyz_persony_torokul_januzakov/30235665.html Катаал мезгилдин кажыбас азаматы]
#[https://soundcloud.com/alisher-dzhanuzakov/torokul-dzhanuzakov Достук радиосунун «Данакер» программасы: Төрөкул Жанузаков (14.09.2019)]
 
==Колдонулган адабияттар==