Иордания: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
map + flag + cat + Азия өлкөлөрү=ù£
толуктоо
7-сап:
 
==Мамлекеттик түзүлүшү==
Иордания – унитардык өлкө. Конституциясы 1952-ж. кабыл алынган. Башкаруу формасы – дуалисттик монархия. Мамлекеттин, аткаруу жана мыйзам чыгаруу бийлигинин башчысы король. Мамлекеттин аталышы (Хашимит) бийлик династиясынын Мухаммед пайгамбардын уруусунан чыгышына байланыштырылат. Мыйзам чыгаруу бийлиги королго, Депутаттар палатасынан (110 депутат, 4 жылга) жана Сенаттан (55 сенатор, 4 жылга дайындалат) турган эки палаталуу парламентке Улуттук жыйынга таандык. Аткаруу бийлиги король менен өкмөт тарабынан ишке ашырылат. Премьер-министр король тарабынан дайындалат, ал эми премьер-министр өкмөттүн курамын министрлерди (королдун макулдугу жана Парламенттин колдоосу менен) бекитет. Бардык мыйзамдар король кол койгондон кийин гана күчүнө кирет. Иорданияда жарандык, диний жана атайын соттор бар. Саясий партиялары: Иордания араб улуттук демократиялык уюму, Иордания Эл биримдиги демократиялык партиясы, Ислам кыймылы фронту, Араб социалдык кайра жаралуу партиясы, Иордания профсоюздарынын конфедерациясы. 20-кылымга чейин, Иордан Палестинанын бир бөлүгү болуп саналат, азыркы Izrailyu.Iordaniya таандык ири аймакта - дүйнөдөгү байыркы элдердин бири үйүнө, Иордан дарыясынын күн арткы батыш жээгинде Иорданиядагы калкы 9000 биздин заманга чейинки Б.з.ч. 3000-жылдан бери аймак Канаандыктар менен аморлуктардын жана аларды кийин жашаган жерде, Саргондун аскерлери болуп - Шумерлер жана Аккада падышасы.<ref>[https://www.rabin-gh.com/istoriya-iordanii/ Иордандын тарыхы.]</ref>
 
==Табияты==
23-сап:
==Маданияты==
Билим берүү системасы мектепке чейинки тарбия, милдеттүү базалык (6 жылдык башталгыч, 4 жылдык толук эмес орто), 2 жылдык толук орто же кесиптик-техникалык билим берүүнү камтыйт. 2004-ж. балдардын 30%и мектепке чейинки мекемелерде тарбияланган, 6-12 жаштагы балдардын 91%и башталгыч мектепте, ал эми 12-18 жаш курактагылардын 87%и орто мектептерден билим алган. Билим берүү араб тилинде жүргүзүлөт, көпчүлүк мектептерде англис тили да окутулат. Өлкөдө 15тен ашык мамлекеттик ири университет, 10дон ашык менчик университет бар. 35 миңге жакын студент чет өлкөлөрдө, негизинен АКШ жана башкалар араб өлкөлөрүндө билим алууда. Амманда Калк китепканасы (1958), университеттердин китепканалары бар. Музейлери: археологиялык, ислам, элдик искусство жана кийим; Улуттук көркөм өнөр жана Мозаика галереялары (баары Амманда). Иорданияда 44 наамдагы гезит-журналдар чыгат (2004). Белгилүү араб тилинде «Ар-Рай» (1971), «Ад-Дустур» (1967), англис тилинде «Джордан таймс» (1975); Радио уктуруу 20-кылымдын 50-жылдарынын башында башталган, 12 радиостанция иштейт. Иордания телекөрсөтүүлөрү эки канал боюнча, биринде араб тилинде, экинчиси чет элдик телекөрсөтүүлөрү берилет. Жаңылыктары араб, француз, англис жана иврит тилдеринде чыгарылат. Адабияты араб тилинде өнүгүүдө. Улуттук иордан адабиятынын калыптануусу алгачкы адабий жыйындардын демилгечиси И-нын биринчи королу Абдаллах ибн Хусейндин ысымы менен байланыштуу. Көркөм өнөр палеолит, жолиттен башат алат. Кабатай аска сүрөттөрү, эллин маданиятынын эстеликтери сакталган. Рим мезгилинде архитектура менен искусство гүлдөп өнүккөн. Араб халифатынын курамында Иордания орто кылымдагы араб-мусулман көркөм маданиятынын очогу болгон. Жаңы мезгилдин архитектурасына заманбап курулуштар мүнөздүү. Жалпы арабдык жана улуттук салттардын жалпы европалык адабияттын ар кыл формалары менен айкалышуусу Иордания адабиятын негизги мүнөзүн аныктайт. Элдик музыка менен катар классикалык музыкасы өнүгүүдө. Улуттук консерватория (1986), симфогиялык оркестр иштейт. 1950-жылдарда тарыхый жана диний темадагы спектаклдер коюлган. 1964-ж. Амманда биринчи театр труппасы, 1951-ж. Театр ишмерлеринин ассоциациясы уюшулган. Амманда бир нече театр иштейт. Музыкалык жана театр фестивалдары өткөрүлүп турат. Улуттук киноиндустрия өнүгө элек, бирок телесериалдар тартылат. 2003-ж. жаштарга кинематографиянын негиздерин үйрөтүүгө багытталган Амман кинематографисттер бирикмеси уюшулган. Даректик киножанрында эмгектенген кино ишмерлеринин ичинен аралы Хасан жана Н. Хасандын ысымдары кеңири белгилүү. 2005-жылдан Амман шаарында кинофестиваль өткөрүлөт.
 
== Жазуулар ==
<references />
 
==Колдонулган адабияттар==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Иордания" булагынан алынды