Кутейба ибн Муслим: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
тактоо Белги: 2017 source edit |
мNo edit summary Белги: 2017 source edit |

3-сап:
==Кыскача таржымакалы==
Кутейба ибн Муслим ал-Бахили Абу Хафс (668—715) Ирактын Басра аймагында араптардын бахили уруусунун өкүлүнүн үй-бүлөсүндө туулган.

Ирактын бийлөөчүсү Хаджаж ибн Юсуф аны 704-жылы борбору Мерв (азыркы Мары) шаары болгон [[Хорасан]] аймагынын башчысы (наместниги) кылып дайындаган. Кутейба аймак калкы ислам динин кабыл алуусу үчүн зомбулук аскердик аракеттерге барган.

Фарсылар менен Аму дарыясынынын оң жээгиндеги түрктөрдүн көп жылдык кагылышууларынан пайдаланып, Кутейба 705-жылы Балхты (азыркы Ооганстандагы Мазари-Шариф шаары), 706—09-жылдары Букара шаарын, 710—12-жылдары [[Самаркан|Самарканд]] жана Хорезмди, 712-жылы Фергананын батышын басып алган.

713-жылы [[Кашкар|Кашкарды]] каратуу аракети майнапсыз болгон.

Ал эми 715-жылы өз тарапташтарынын Омейяддардын халифи Сулайман бен Абдал Маликти багындыруу аракеттери ишке ашпай калып, каршылаштары болгон араптардын колбашчылары тарабынан ошол эле 715-жылы Фергана аймагында (так жери белгисиз) кутумда өлтүрүлгөн.

Кутейбанын баскынчылыгына каршы күрөштө Зеравшандагы [[Согду]] падышалыгына [[Түргөш каганаты]] колдоо көрсөтүп келген.

==Колдонулган адабияттар==