Баткен облусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
93-сап:
== Транспорту ==
 
Облустун азыркы транспорт тармагы: автомобиль, темир жол, аба ж-а куур (трубопровод) транспорту. Аймагындагы тоолуу рельеф автомобиль транспортунун өнүгүшүнө шарт түзөт. Негизги автомобиль жолдору: Ош—Кызылкыя—Пүлгөн—Ай-даркен—Баткен—Исфана—Cүлүктү; Кызылкыя—Дарооткоргон; Кызылкыя—Кувасай (Өзбекстан); Баткен—Исфара (Т ажикстанТажикстан); Кызылкыя—Маркамат (Өзбекстан)—Ош. Бул жолдор (айрыкча биринчиси) «анклавдарды» бир нече жолу кесип өткөндүктөн, транспорт каражаттарынын облустун аймагы б-ча нормалдуу, эркин жүрүшүнө тоскоол-дук (бажы тосмосу, чек ара иш-аракеттери, паспорт ж-а документтерди текшерүү ж. б.) кылууда. Бирок ушундай шарттарга карабастан бул жолдор облустун ыраак жайгаш-кан калктуу пункттарын райондун борбору, о. эле Ош шаары м-н транспорттук-экон. жактан байланыштырып турат.<br />Облустун аймагындагы автомобиль жолунун уз. 1,2 миң км, анын 414 кми асфальт-танган, 466 кмташ төшөлгөн жол. Бул жолдордун басымдуу бөлүгү айылдык жерлерде жайгашкан. Каржылоо каражатынын жетишсиздигинен жолдорду реконструкциялоо ж-а капиталдык ремонт жүргүзүү кыйынга турууда. Буга байланыштуу коңшулаш мамле-кеттердин «анклавдарынан» айланып өтүүчү жолдорду куруу облустун гана эмес респ-нын да маанилүү экон. ж-а саясий проблемасы болуп калууда.<br />Автомобиль транспорту жүк ж-а жүргүнчүлөрдү ташууда маанилүү орунду ээлейт. 2001-ж. 1,8 миң т жүк , 13,8 миң жүргүнчү ташылган. Алар-дын ичинен 383,5 миң т же 16,4% жүк, 433,3 миң же 31,4% жүргүнчү ж-а менчик авто-транспорттор м-н ташылган.<br />Облустун темир жол транспорту туюк эки темир жол тармагынан турат. Биринчи 1907-ж. Cүлүктүдөгү көмүр кенине Драгомиров бекетинен 37 км аралыкка курулган. Бул тармак 30-жылдардын башында рекон-струкцияланган. Экинчиси 1928-ж. курулуп, Кызылкыя шаарын Өзбекстандын темир жол системасы м-н туташтыруучу Фергана—Кувасай (Өзбекстан)—Кызылкыя темир жол тармагы. Уз. 42 км.Бул темир жолдор неги зинен көмүр ташуу үчүн курулган. Алар тоолуу жерлер м-н өтөт, айрыкча Драгомиров—Cүлүктү кууш темир жолун эки капта-лынан тоонун тик капталдары тосот. Анын уз. облустун аймгында 30 километрдей. Ушуга карабастан бул жолдордун облустун аймагында чоң жүктөрдү ташууда айрыкча тоо-кен өнөр жайы үчүн мааниси чоң. Аба транспорту жүргүнчүлөрдү ташыйт да көбүнчө жергиликтүү мааниге ээ. Аэро-порттор Баткенде (1950-ж. курулган), Исфанада, Кызылкыя, Айдаркенде бар. Алардын ичинен биринчи үчөө иштеп жатат. «Кыргызстан аба жолдору» акционердик коому улуттук авиакомпаниясынын курамына кирет. Бул аэропорттордон Ош шаарына күнүгө, Бишкек ш-на 2—3 авиарейстери болуп турат. Жайында Чолпоната шаарына (Ысыккөл) каттайт.
 
== Маданият ==