Мухаммед: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
→‎Мухаммед Пайгамбардын осуяттары: Жазуу катасы түзөтүлдү
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик колдонмодон түзөтүү Android app edit
22-сап:
Көчмөн бедуиндер үй-бүлөсү, акы төлөп баласын бактыра турган адам издешип Меккеге барышат. Аялдар бир-бирден бала алышат. Болочок пайгамбарды "атасы жок жетим экен, жарытып акы төлөбөйт да" деп эч ким албай коёт. Халима аттуу аял башка бала табылбагандан кийин кичине Мухаммбетти алып, үйүнө кайтат. Өздөрү кедей турушкандыктан Халима өзүнүн наристеси менен Мухаммедди катар эмизип багат Аравиянын көптөгөн жери кургак, суусуз болгондуктан жалгыз төөсүнөн сүт да чыкпай калган. Бала Мухаммедди апкелген күндөн баштап төө сүтү мол бере баштайт. Мухаммед 3-4 жашка келгенде аянтчада балдар менен ойноп жүрсө үйгө Халиманын өз уулу жүгүрүп келип, "баланы ак кийимчен эки адам келип жыгып жатат" дейт. Халима күйөөсү экөө жүгүрүп чыгышса, Мухаммед супсур болуп туруптур. Халама аптыгып: "Эмне болду,балам? Алигилер кимдер?" деп сураса: "Көөдөнүмдү ачып жүрөгүмдү сууруп алды да алтын жүрөк салды, кимдер экенин тааныбайм" деп Мухаммед чоң адамча токтоо жооп бериптир. Аңызга караганда Кудайдын амири менен келген Жебирейил Мухаммедке башка жүрөк салып кетет. Буга таң калган жана корккон Халима баланы аман турганда энесине алып барып берели деп, аны Меккедеги Аминага алып келет. Ошондо сезим тал Амина: "Эмне болуп кетти,эмнеге алып келдиңер?" деп чочулайт. Халима эмне дээрин билбей аны-муну айткан болгон экен, Амина анысына көнбөй чындыкты айттырыптыр. "Мухаммед туулганда жерге "чыр" этип түшөөрү менен чалкасынан жаткан калыбында эки чыканагына таянып, башын көтөрүп, чон адамдай өйдө караган эле" деп Амина уулун алып калыптыр.
 
Ал 6 жашка толгон кезде энеси Амина кайтыш болуп, жетим калган баланы чон атасы Абды Мутталип колуна алып тарбиялаптыр. Абды Мутталип ак сөөк тукумунан чыккан бай эмес адам экен.Мухаммед 8 жашка чыкканда сүйүктүү чон атасы да кайтыш болуп, баланы агасы (атасынын иниси) Абу Талип өз тарбиясына алган экен. Ак көңүл, жан дүйнөсү кең Абу Талип өтө кедей өмүр кечирип, Мухаммедди элдин кой-эчкисинин артында жүрө турган бакмачылыкка берүүгө мажбур болуптур. Тоо-ташты,чөлдү сызгырган аптапта жападан жалгыз мал артынан жүргөн жетим бала абдан сезимтал, байкагыч, ойчул болуп өсүп, кичинесинен калп айтканды билбеген, өтө чынчыл, жагымсыз жыт-жыбырдан жүрөгү айнып ооруп калма, орунсуз сүйлөбөгөн бала болгон. Буга дейре Аравияда ар түрдүү кудайларга сыйынуу кеңири жайылган. Алардын сыйынуучу касиеттүү жери Мекке шаарындагы Каба болуптур. Мында көп замандан бери эле жыл сайын арабдар белгилүү убакытта чогулушуп, Кабанын айланасындагы ар түрлүү кудайлардын бейенесине сыйынып,курмандык чалышып, Замзам кудугундагы касиеттүү суудан ичишип тарашчу экен.
 
== Мухаммед Пайгамбардын осуяттары ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Мухаммед" булагынан алынды