Нойгут (уруу): нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Before, I added word соокмурун but I forgot to add a comma
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
7-сап:
Нойгут уруусу азыр негизинен Баткен аймагында жайгашышкан. Аларды Жаңыл Мырзанын окуясынан кийин качкан нойгут уруусунун тукумдары деген маалыматтар бар.
 
Нойгут уруусу. «Нойгут кыргыз элинин түпкүлүктүү урууларынын бири» (үсөн Ажы). «Манаста» Чубак, атасы Ак Балта (Манастын таякеси) Чыйырдынын агасы. Байыркы кырк уруунун бири. Кытай тарыхында нойгуттар Чыгыш Түркстандагы Ак Суу, Көк Шаал дарыяларынын өрөөндөрүндө жашаган. Кесиби жылкы өстүрүү. Арал жылкыларын багышкан. Нойгуттардын насили Лопнурда, Токсууда, Чоң Жылдызда, Кичи Жылдызда. Нойгуттардан Жаңыл Мырза чыккан. Нойгуттар батыш Теңир Тоого 15-к. көчкөн. Моңголстан кыйрап Амир Темирдин империясы ыдыроонун алдында Тагай бий жетектеген кыргыздар Кашкардан Ферганага көчкөндө нойгуттар бул жүрүшкө катышпагандыктан оң канатта, сол канатта болгон эмес. Мындай абалда Бадакшан, Ходжен, Самарканд тараптагы кыргыздар да болушкан. Анткени, булар небактан эле ошерде жашаган ички кыргыздар эле. Жети Суу, Сыр Дарыя аймагы согуштардан бүлүнгөндүктөн кыпчактар, кыргыздар, түрк, саяк, усун уруулары эриш-аркак жайланышып жашашкан. Теңир Тоолук кыргыздарды Тагай бийден таратып, баштап калганынын себеби ушундан. Кыскасы, Ферганага Нойгуттар Тагай бийден мурда келишкен. Ошол себептүү алар анын өз жана өгөй балдарынын (дружина) тизмесине кирбейт. Алар Тагай бийдин ээлигинен батышта турушкан. Мындай абалда аякта эзелтен жашаган кыргыздар калышкан. Алар башка бийликте, башка дубанда жашашкан. Нойгуттар Алтайдан Чыгыш Түркстанга, андан Ферганага келишет. Бул жол энесай кыргыздарынын жолу. Башкалардан айырмаланып нойгуттар ошол жерге байыр алышкан. Анткени, ал жер илгертеден кыргыздар жашаган Сох дарыясынын өзөнү болгон. Бул жерден алар байыркы кыргыздарды табышкан. Жаңыл Мырза кыргызды издеп Лапнурга кетсе, Кара Мырза кандаштарын издеп Ферганага келген. Бир кезде Чыгыш Түркстандагы кыргыздардын күчтүү уруусу экиге бөлүнүп кетишкен. 1911-12-жж. Кокон уездинде Нойгут–Кыпчак болушунда Дарыя, Кара Булак, Кушрут, Субаш айылдык жааматтарда 498 түтүн 4225 киши нойгут болгон. 20-к. ортосунда Баткендин ГазЗардалы, Кыштут, Таян, Кан, Дара, Сары Талаа, Чек, Ак Топурак, ЗардалыГаз, Зар Таш, ШурданШурман айылдарында жайланышкан. Ноокатта, Фрунзе, Ленин райондорунда башкалар менен аралаш жашашат. Нойгуттар өзбекстандын Кува, Фергана, үч Коргон, Куйбышев райондорунда бар. Кыргыздын калыптанышына катышкан. Дыйканчылык кылышат. Буларда уруулук бөлүнүүгө караганда аймактык бирдик күчтүү. Ошол себептүү аларда санжыра, жыл сүрүү адатка айланбаган.
 
Нойгут генологиясы:уруктары