ОПЕК: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
1-сап:
'''НефтьМунай экспорттоочу өлкөлөр уюму (ОПЕК)''' – чет элдик ири нефть компаниялары өз-ара мамилелерин координациялоо үчүн 1960-жылы түзгөн уюм. Ага Иран, Ирак, Кувейт, Сауд Арабиясы жана Венесуэла, кийинчирээк Алжир, Эквадор (1973–92; 2007), Габон (1975–94), Ливия, Нигерия, Катар, Ангола жана БАЭ кирген. Бул уюмдун штаб-квартирасы Вена шаарында. Уюмдун дүйнөлүк нефть өндүрүүдөгү үлүшү 1994-жылы 41%ти түзгөн. Уюмдун уюшулушуна нефтинин дүйнөлүк баасын нефтини көзөмөлдөөчү 7 ири компания («Бритиш петролеум», «Тексако» жана башка) төмөндөтүшү себеп болгон. Анын негизги максаты дүйнөдө нефтиге болгон баанын төмөндөшүн токтотуу эле. Бул уюмдун мүчөлөрү жылына 2 жолу жолугуу уюштурушат. Нефть экспорттоочу өлкөлөр уюму дүйнөлүк нефть запасынын 2/3 бөлүгүн көзөмөлдөп турат. Аларга дүйнөдөгү өндүрүлгөн нефтинин 40%ти жана экспорттун жарымы таандык болуп, учурда 12 мамлекет мүчө.
[[Категория:Тышкы экономика]]
 
==Колдонулган адабияттар==
* [[“Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы]]: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111 -7
"https://ky.wikipedia.org/wiki/ОПЕК" булагынан алынды