Басыз, уруу: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary |
|||
1-сап:
'''Басыз уруусу '''— [[Кыргыздар|теңир-тоолук кыргыздардын]] уруулук түзүмүндө [[Сол канат|сол канатка]] кирген чоң уруулардын бири. Басыздар негизинен [[Фергана тоо тизмеги|Фергана кырка тоосунун]] эки тарабын мекендеп келишкендиктен, [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] түндүгүндө да, түштүгүндө да салмактуу орду болуп, ортодогу ынтымактын ортомчусу болушкан.
'''Басыз '''— [[этноним]], кыргыз элинин [[сол канат|сол канатына]] жаткан уруулардын бири. «Манаска» анын баатырдык-тарыхый эпос болуп калыптануу мезгилинде кирген деп болжолдоого болот, чыгармада сырткы жоо менен кармаштарга башка уруулар менен бирдикте катышып келгени айтылат.▼
<br />
== Тарыхы ==
=== Келип чыгуусу ===
Басыз уруусун кыргыз, мундуз, дөөлөс ж. б. этнонимдери сыяктуу эң байыркы этникалык аталыш катары кароого болот. Мындагы "-з" мүчөсү байыркы түрк доорунда көптүк маанини аныктаган сөз жасоочу мүчө катары белгилүү (Серебренников, Гаджиева 1979, 88).
Басыз уруусунун түпкү теги байыркы басмылдарга барып такалышы мүмкүн. Тарыхчы [[Мокеев, Анварбек|А. Мокеевдин]] пикири боюнча, VIII кылымда [[Экинчи Чыгыш-түрк кагандыгы|Экинчи Чыгыш-түрк кагандыгынан]] калган бийликти басмылдар, карлуктар жана уйгурлар талашып, натыйжасында жеңилген басмылдардын калдыктары уйгурлардын жана кыргыздардын арасына сиңип кеткен. Ошондой эле, селжукийлердин тушунда дарыгерлик кылган ал-Марвазинин 1120-жылы жазган «Табаи ал-хайаван» («Айбанаттардын табияты») деген эмгегиндеги В.Ф. Минорский «Басри» деп чечмелеген алтайлык уруу ырасында басыздар деп чечмеленүүсү мүмкүн<ref>''Мокеев А.'' Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек, 2010. – 70-б.</ref>.
Сейф ад-Дин Аксыкендинин “Мажму-ат-Таварихинде” (XVI к.) жазылган генеалогиялык баяндар боюнча басыз уруусу кыргыздардын сол канатына кирери айтылат (МИКК, 208). ХVIIIк.-кытай булагы “Сиюй тучжи” басыз уруусу “батыш кыргыз ордосунун” курамында экендигин баяндайт (Абрамзон С.М. Т.1У.-С.80).
Санжыралык маалыматтарда басыз уруусунун түпкү атасы Аксуулук Түгөл деп аталат. С.М. Абрамзон бул топонимди Чыгыш Түркстандагы Ак Суу менен байланышта карайт (Абрамзон 1990,-68). Ч.Валиханов, П.П. Семенов Тянь-Шаньский, Н.А. Аристовдор өз эмгектеринде басыздарды оң канат кыргыздар экендигин баса белгилешет. Болжолу, бул пикирлер басыздардын оң канаттагы кыргыз уруулары менен бирге көчүп-- конуп жүргөнүнөн болуусу мүмкүн. XVIII к. кытай жазма булагында ( “Сиюй-Тучжи”) басыздар (кыт. ба-се-цзы) батыш кыргыз ордосунун курамына киришери баяндалат (Абрамзон С.М, 1960, Т.IV, 79-80).
== Урааны жана тамгасы ==
Басыз уруусунун аскердик урааны “Акбуура” деп чакырылганы маалым (Абрамзон, Т.1У, -с.-79.).
== Санжырасы ==
== Гаплогруппа ==
== Изилденүүсү ==
== Атактуу адамдары ==
== Башка топтордун курамындагы басыздар ==
=== Катагандардын курамындагы басыздар ===
Басыз этнониминин параллели Афганистандын түндүк-чыгыш аймагын байырлаган катагандардын курамында да бар экендиги аныкталган. Бул ири этнографиялык топтун этностук тегинин кыргыздарга өтө жакындыгы абройлуу изилдөөчүлөрдүн эмгектеринде далилденген. Д.Лорддун берген маалыматтарында басыздар өзбек катагандардын (эскертүү: илимге өзбек-катаган деген ат менен кирип калган бул этностук топтун өкүлдөрү өздөрүн “өзбек” деп аташпайт - О.К.) он алты-уругунун бири болгондугу чагылдырылат (Кармышева 1976, 105, 244-245; КЫРГЫЗ ЭТНОНИМДЕР СӨЗДҮГҮ-Молдобаев 1995, 149- 150). Бул басыздардын катагандар менен этникалык байланышын тастыктары бышык.
== Басыздар "Манас" эпосунда ==
▲
== Эскертүүлөр ==
----[1] ''Мокеев А.'' Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек, 2010. – 70-б.
==Колдонулган адабияттар==
''Манас'' энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
== Шилтемелер ==
{{no iwiki}}
[[Категория:Манас эпосу]]
{{Калып:Кыргыз уруулары}}
<references />
|