Басыз, уруу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
ТОлуктадым
1-сап:
'''Басыз уруусу '''— [[Кыргыздар|теңир-тоолук кыргыздардын]] уруулук түзүмүндө [[Сол канат|сол канатка]] кирген чоң уруулардын бири. Басыздар негизинен [[Фергана тоо тизмеги|Фергана кырка тоосунун]] эки тарабын мекендеп келишкендиктен, [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] түндүгүндө да, түштүгүндө да салмактуу орду болуп, ортодогу ынтымактын ортомчусу болушкан.
 
<br />
 
== Тарыхы ==
 
=== Келип чыгуусу ===
Басыз уруусун кыргыз, мундуз, дөөлөс ж. б. этнонимдери сыяктуу эң байыркы этникалык аталыш катары кароого болот. Мындагы "-з" мүчөсү байыркы түрк доорунда көптүк маанини аныктаган сөз жасоочу мүчө катары белгилүү (<ref>Серебренников, Гаджиева 1979, 88)</ref>.
 
Басыз уруусунун түпкү теги байыркы басмылдарга барып такалышы мүмкүн. Тарыхчы [[Мокеев, Анварбек|А. Мокеевдин]] пикири боюнча, VIII кылымда [[Экинчи Чыгыш-түрк кагандыгы|Экинчи Чыгыш-түрк кагандыгынан]] калган бийликти басмылдар, карлуктар жана уйгурлар талашып, натыйжасында жеңилген басмылдардын калдыктары уйгурлардын жана кыргыздардын арасына сиңип кеткен. Ошондой эле, селжукийлердин тушунда дарыгерлик кылган ал-Марвазинин 1120-жылы жазган «Табаи ал-хайаван» («Айбанаттардын табияты») деген эмгегиндеги В.Ф. Минорский «Басри» деп чечмелеген алтайлык уруу ырасында басыздар деп чечмеленүүсү мүмкүн<ref>''Мокеев А.'' Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек, 2010. – 70-б.</ref>.
 
=== XV-XVII кылымдарда ===
Сейф ад-Дин Аксыкендинин “Мажму-ат-Таварихинде” (XVI к.) жазылган генеалогиялык баяндар боюнча басыз уруусу кыргыздардын сол канатына кирери айтылат (МИКК, 208). ХVIIIк.-кытай булагы “Сиюй тучжи” басыз уруусу “батыш кыргыз ордосунун” курамында экендигин баяндайт (Абрамзон С.М. Т.1У.-С.80).
Санжыралык маалыматтарда басыз уруусунун түпкү атасы Аксуулук Түгөл деп аталгандыктан С.М. Абрамзон бул топонимди Чыгыш Түркстандагы Ак Суу менен байланышта карайт<ref>Абрамзон 1990,-68</ref>. Сейф ад-Дин Аксыкендинин “Мажму-ат-Таварихинде” (XVI к.) жазылган генеалогиялык баяндар боюнча басыз уруусу кыргыздардын сол канатына кирери айтылат
 
Калмак жарыпырыгына чейин кыргыз элинин сол канатына кирген уруулар негизинен Талас аймагында жашап турушкандыгы санжыралык уламыштарда эскерилет<ref>''Сооронкулов С.'' Бердике беш берен // Кыргыз санжырасы. Баш. ред. К. Жусупов. – Бишкек, 1994. – 218-б.</ref>. Сыягы, басыздар Таластан XVI кылымда Көгарт, Жазы жана Нарын аймактарына көчүп кетишкен. Бала Айылчынын санжырасында айтылган маалыматтарга караганда, XVII кылымда кыргыздарга Чаа бий башчылык кылып турган чакта «Кочкордон Нарынга чейин сол тукумунан базыстар (басыздардын бир бөлүгү – К.М.) ээлеп турушкан»<ref>''Сарымсаков А.'' Бала Айылчынын санжырасы // Кыргыз санжырасы. Баш. ред. К. Жусупов. – Бишкек, 1994. – 187-б.</ref>. Ал эми Көгарт, Жазы өрөөндөрүндөгү басыздар Улак баатырдын башчылыгында калмактар менен күрөшкөндүгү жөнүндө уламыштар бар. Айрым маалыматтар боюнча, басыздардын керки тамгаларынын түпкү аталарынан болгон Кожоматбек деген адам XVII кылымда калмактар менен күрөшкөн Курманбек баатырдын жоокерлеринен болгон жана Кашкарда набыт болгон<ref>''Рахмат у. С.'' Басыз уруусунун эки бутагы болуп эсептелген Кылыч тамга менен Керки тамга санжырасы. – Бишкек, 2006. – 25-26-б.</ref>. Кийин калмактардын кысымынан улам түндүк кыргыз уруулары менен бирге басыздар да Гиссар тоолоруна көчүп кетишкен.
Санжыралык маалыматтарда басыз уруусунун түпкү атасы Аксуулук Түгөл деп аталат. С.М. Абрамзон бул топонимди Чыгыш Түркстандагы Ак Суу менен байланышта карайт (Абрамзон 1990,-68). Ч.Валиханов, П.П. Семенов Тянь-Шаньский, Н.А. Аристовдор өз эмгектеринде басыздарды оң канат кыргыздар экендигин баса белгилешет. Болжолу, бул пикирлер басыздардын оң канаттагы кыргыз уруулары менен бирге көчүп-- конуп жүргөнүнөн болуусу мүмкүн. XVIII к. кытай жазма булагында ( “Сиюй-Тучжи”) басыздар (кыт. ба-се-цзы) батыш кыргыз ордосунун курамына киришери баяндалат (Абрамзон С.М, 1960, Т.IV, 79-80).
 
=== XVIII кылымда ===
Сагымбай ажынын санжырасы боюнча, XVIII кылымда Гиссардан басыз уруусу Доскул баатырдын башчылыгында Өзгөндүн тоолоруна көчүп келишкен. 1763-1770-жылдары жазылган «Сиюй чжи» аттуу тарыхый кытай жазма булагында басыздар чыгыш (түндүк) кыргыздарынын да, батыш (түштүк) кыргыздарынын да курамында кошо эскерилет<ref>Кыргыздардын жана Кыргызстандын тараыхый булактары. II т. Бишкек, 2003. – 229-231-б.</ref>. Ушул себептен Ч.Валиханов, П.П. Семенов Тянь-Шаньский, Н.А. Аристовдор өз эмгектеринде жаңылыштык менен басыздарды оң канатка кирет деп жазышкан. Демек, XVIII кылымдын ортосунда басыз уруусу саясий жактан аркалык жана анжиян тараптык болуп, экиге ажыраган. Бирок алардын ортосун Фергана кырка тоосу гана бөлүп турган.
Ош-Алай кыргыз урууларынын конфедерациясына кирип турган басыздар негизинен [[Көгарт өрөөнү|Көгарт]] жана [[Жазы, өрөөн|Жазы өрөөнүн]] ээеп келишкен. XVIII кылымдын ортосунда [[Адыгине (уруулук топ)|адыгине уруусунан]] [[Ажы бий|Ажы бийдин]] бийлиги учурунда 1300 түтүн басыздарды Ка-р-га (Калка) башкарып тургандыгы кытай жазма булактарында эскерилет<ref>Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Баш. түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун. – Шинжаң эл басмасы, 2004. – 133-134-б.</ref>. Уламыштар боюнча, XVIII кылымда [[Саруу, уруу|саруу уруусунан]] [[Бердике Баатыр|Бердике баатыр]] [[Анжыян (шаар)|Анжиян шаарын]] каратып алганда басыз уруусунун кудайлат уругунан чыккан [[Сарыкүчүк бий|Сарыкүчүк]] деген бийин [[Ош|Ош шаарына]] аким кылып дайындаган. Кытай жазма булактарында [[Ажы бий]] батыш кыргыздарынын атынан Сарыкүчүктү (кыт. Ша-ла-ку-чу-к) 1759-жылы [[Цин империясы|Цин империясына]] элчи кылып жибергендиги эскерилет<ref>Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары (Б.з.ч. II – XVIII к. кытай булактарынан үзүндүлөр). II том. – Бишкек, 2003. – 136, 165-б.</ref>. XVIII к. 2-жарымында Мурат (Сарыкүчүктүн уулу) башкарган 400 түтүн басыздар Марал деген жерде дыйканчылык менен күн көрүп турушкандыгы «Сиюй чжи» эмгегинде айтылат<ref>''Супруненко Г.П.'' Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII – начало XIX вв. – Фрунзе, 1976. – 81-б.</ref>.
 
[[Стамов Асанбек|Асанбек Стамовдун]] «Хан Тейиш» аттуу тарыхый романында [[Атаке баатыр|Атаке бийдин]] күйөө баласы катары эскерилген Сарытай мырза аттуу каарман басыздардан чыккан тарыхый инсан болгондугу эл оозунда айтылып жүрөт.
 
=== XIX кылым - XX к. башы ===
Аркалык (түндүктүк) басыздар [[Тогуз-Торо ойдуңу|Тогуз-Торо]] жана [[Ак-Талаа району|Ак-Талаа]] аймагынын [[Нарын дарыясы|Нарын дарыясына]] чейинки жерлерин жердеп, [[Чекир саяк|чекир саяк уруусунан]] бөлүнүп чыккан [[Чоро, уруу|чоро уругу]] менен бир саясий бирикмеге биригип турушкан. Уламыштар боюнча, XIX к. башында [[Сары чечен]] баштаган басыздар менен [[Жанболот баатыр|Жанболоттун]] уулу Ырыскул бий башкарган чоро-саяктардын ортосунда чабыш болуп, ал окуя [[Кетмен-Төбө өрөөнү|Кетмен-Төбөдөн]] [[Бокбасар бий]] баштаган [[Каба, уруу|каба-саяктардын]] жардамга келиши менен аяктаган<ref>''Абдылдаев А.'' Тогуз-Торо элинин санжырасы. – Бишкек, 2006. – 5-6-б.; ''Сатыбалдиева Б.'' Тайлак — кокту-колоттун баатыры эмес, улуттук баатыр // Кыргыз Туусу. 2011. – №35-36. – 24-б.</ref>.
 
1820-жылы [[Мандалак баатыр]] баштаган басыздар жана Жанболот уулу [[Байбагыш бий, Жанболот уулу|Байбагыш бий]] баштаган чоро-саяктар коңшу [[Чыгыш Түркстан|Чыгыш Түркстандагы]] [[Жааңгер кожо|Жахангир-кожонун]] [[Цин империясы|Цин империясына]] каршы көтөрүлүшүнө активдүү колдоо көрсөтүшкөн<ref>Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Баш. түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун. – Шинжаң эл басмасы, 2004. –654-б.</ref>. Андан кийин да, [[Чыбылдый бий]] баштаган басыздар, алардын ичинде [[Бөбөтөй баатыр|Бөбөтөй]], [[Токочор баатыр|Токочор]], [[Дербиш баатыр|Дербиш]] сыяктуу басыз баатырлары чоро-саяк [[Тайлак баатыр|Тайлак баатырга]] кошулуп, 1825-жылдагы цин аскерлери менен болгон [[Кытай кырылган, салгылаш|салгылашка]], [[Чыгыш Түркстан|Чыгыш Түркстандагы]] 1826 жана 1830-жылдары болгон көтөрүлүштөргө активдүү катышышкан<ref>Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Баш. түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун. – Шинжаң эл басмасы, 2004. – 703-б.</ref>.
 
[[Кокон хандыгы|Кокон хандыгынын]] тушунда басыздардын айрым бөлүктөрү саясий себептер менен [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] бир канча жерлерине чачырап, жер которууга дуушар болушкан. Мисалы, [[Сары баатыр]] менен [[Мадыш бий|Мадыш бийдин]] жетекчилигинде керки тамгалардын бир канчалаган түтүнү [[Көгарт өрөөнү|Көгарт]] тараптан [[Тогуз-Торо ойдуңу|Тогуз-Торого]] көчкөн<ref>''Рахмат у. С.'' Басыз уруусунун эки бутагы болуп эсептелген Кылыч тамга менен Керки тамга санжырасы. – Бишкек, 2006. – 26-28-б.</ref>. Ж. Болотовдун пикири боюнча, [[Сынган Кылыч|«Сынган кылычта»]] [[Кудаяр хан|Кудаяр хандын]] алдап чакыруусу менен [[Кокон шаары|Кокондо]] башы алынган кыргыздардын кырк бийинин бирөөсү катары эскерилген Абдылда бий басыздардын каман уругунан чыккан<ref>''Болотов Ж.'' Камандар санжырасы. – Жалал-Абад, 2003. – 13-бет.</ref>.
 
Көгарттык басыздардан чыккан [[Нусуп, Абдылда уулу|Нусуп]] жана [[Чыйбыл болуш|Чыйбыл]] аттуу бир тууган бийлер [[Орусия империясы|Орусия империясынын]] тушунда Көгарт жана Тогуз-Торо чөлкөмдөрүнө болуш болуп дайындалышкан. Чыйбыл болуш 1998-жылдагы [[Анжиян көтөрүлүшү|Анжиян-Кыргыз көтөрүлүшүнө]] активдүү катышкандыгы үчүн айыпталып, [[Токтогул Сатылганов|Токтогул акын]] менен бирге [[Сибирь|Сибирге]] сүргүнгө айдалган.
 
Басыз уруусунун байсогур уругунан чыккан [[Байымбет балбан|Баймамбет (Байымбет)]] атту атактуу балбан XIX к. 2-жарымы – XX к.башы аралыгында жашап, өмүрүндө [[күрөш]] боюнча эч кимден жеңилген эмес. Орусия империясынын дооорунда акталаалык басыздардан Алыбек баатыр, Мамыткан болуш, Мураталы бий деген атактуу адамдар чыккандыгы эл ичинде айтылып келет.
 
XX кылымдын башында басыздардан чыккан [[Жаныбек казы]] [[Советтик Социалисттик Республикалaр Союзу|совет бийлигинин]] орношуна каршы боштондук үчүн көтөрүлгөндөргө кошулгандыгы үчүн «[[Басмачылык|басмачы]]» катары айыпталган.
 
== Урааны жана тамгасы ==
Басыз уруусунун аскердик урааны “Акбуура” деп чакырылганы маалым (<ref>Абрамзон, Т.1У, -с.-79.)</ref>. Ал эми басыз уруусунун ичиндеги кудайлаттардын тамгасы жалпы басыздардын тамгасы болгондугу эл оозунда айтылып жүрөт.
 
== Санжырасы ==
Line 23 ⟶ 41:
== Изилденүүсү ==
 
== Атактуу адамдарыурпактары ==
 
=== Саясат тармагында ===
[[Алмамбет Матубраимов|'''Алмамбет Матубраимов''']] — коомдук жана мамлекеттик ишмер. [[Бишкек]] шаарынын [[Свердлов]] райондук аткомунун Эл депутаттар советинин төрагасы, өнөржай министринин 1-орун басары (1991), [[Кыргыз Республика]]сынын 1-вице-премьер-министри (1993), [[Кыргыз Республика]]сынын Жогорку Кеңешинин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы (1995).
 
=== Илим тармагында ===
'''[[Молдокасымов, Кыяс Сатар уулу|Кыяс Молдокасымов]]''' — кыргыздын белгилүү [[Тарыхчы|тарыхчысы]], публицист жана [[журналист]]. Тарых илимдеринин кандидаты, профессор. Кыргызстандын маданиятына эмгеги сиңген ишмер (2005). "Мурас" фондунун Башкармалыгынын Төрагасы.
 
[[Олжобай Каратаев|'''Олжобай Каратаев''']] — [[кыргыз]] [[Тарыхчы|тарыхчысы]], [[этнограф]], түрколог, тарых илимдеринин доктору (2003), профессор (2008). 2015-жылдан бери [[Түркия Республикасы|Түркиянын]] Кастамону университетинде [[профессор]].
 
'''[[Кайыпов, Сулайман Турдуевич|Сулайман Кайыпов Турдуевич]]''' ‒ фольклорчу-этногрaф, тилчи, текстолог, жазуучу-публицист, котормочу, журнaлист, филология илимдеринин кaндидaты, тaрыx илимдеринин доктору, Кыргыз Республикасынын илим жана техника жагындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты, Сократ атындагы эл аралык сыйлыктын (SOCRATES INTERNATIONAL AWARD) лауреаты, Европa Ректорлор Клубунун (THE CLUB OF THE REKTORS OF EUROPE) мүчөсү, коомдук ишмер.
 
=== Маданият тармагында ===
'''[[Рысбай Исаков]]''' - акын жана манасчы, Кыргыз Республикасынын улуттук жазуучулар союзунун мүчөсү, “Манас-мурас” коомдук фондунун жетекчисинин милдетин аткаруучу, “Манас” банкынын стипендианты.
 
== Башка топтордун курамындагы басыздар ==
Line 32 ⟶ 63:
== Басыздар "Манас" эпосунда ==
Басыздар «Манаска» анын баатырдык-тарыхый эпос болуп калыптануу мезгилинде кирген деп болжолдоого болот. Чыгармада сырткы жоо менен кармаштарга башка уруулар менен бирдикте басыздар да катышып келгени айтылат.
 
== Эскертүүлөр ==
----[1] ''Мокеев А.'' Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек, 2010. – 70-б.
==Колдонулган адабияттар==
1.     ''Абдылдаев А.'' Тогуз-Торо элинин санжырасы. – Бишкек, 2006.
''Манас'' энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4
 
2.     Абдыразаков Төлөнбай. Улуттун улуу инсандарын тактоочу учур келди. Кыргыз Туусу. 2009, 3-март. 11-бет.
 
3.     ''Абрамзон С.М.'' Кыргыз жана Кыргызстан тарыхы боюнча тандалма эмгектер. – Бишкек, 1999.
 
4.     ''Аттокуров С.'' Кыргыз санжырасы. – Бишкек, 1995.
 
5.     ''Болотов Ж.'' Камандар санжырасы. – Жалал-Абад, 2003.
 
6.     ''Закиров С.'' Кыргыз санжырасы. – Бишкек, 1996.
 
7.     Кыргыз санжырасы. Баш. ред. К. Жусупов. – Бишкек, 1994.
 
''8.     '' Кыргыз этнонимдер сөздүгү. – Бишкек, 1995.
 
9.     Кыргыздардын жана Кыргызстандын тараыхый булактары. II т. Бишкек, 2003.
 
10. Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Баш. түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун. – Шинжаң эл басмасы, 2004.
 
''11.  Манас'' энциклопедиясы. 1-т. – Бишкек, 1995.
 
----[1]12. ''Мокеев А.'' Кыргызы на Алтае и на Тянь-Шане. – Бишкек, 2010. – 70-б.
 
13. ''Рахмат у. С.'' Басыз уруусунун эки бутагы болуп эсептелген Кылыч тамга менен Керки тамга санжырасы. – Бишкек, 2006.
 
''14.  Сатыбалдиева Б.'' Тайлак — кокту-колоттун баатыры эмес, улуттук баатыр // Кыргыз Туусу. 2011. – №35-36.
 
15. ''Супруненко Г.П.'' Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII – начало XIX вв. – Фрунзе, 1976.
 
16. ''Төрөкан у. Э.'' Сол канат кыргыз. – Бишкек, 1995.
 
== Шилтемелер ==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Басыз,_уруу" булагынан алынды