Басыз, уруу: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
31-сап:
[[Кокон хандыгы|Кокон хандыгынын]] тушунда басыздардын айрым бөлүктөрү саясий себептер менен [[Кыргызстан|Кыргызстандын]] бир канча жерлерине чачырап, жер которууга дуушар болушкан. Мисалы, [[Сары баатыр]] менен [[Мадыш бий|Мадыш бийдин]] жетекчилигинде керки тамгалардын бир канчалаган түтүнү [[Көгарт өрөөнү|Көгарт]] тараптан [[Тогуз-Торо ойдуңу|Тогуз-Торого]] көчкөн<ref>''Рахмат у. С.'' Басыз уруусунун эки бутагы болуп эсептелген Кылыч тамга менен Керки тамга санжырасы. – Бишкек, 2006. – 26-28-б.</ref>. Ж. Болотовдун пикири боюнча, [[Сынган Кылыч|«Сынган кылычта»]] [[Кудаяр хан|Кудаяр хандын]] алдап чакыруусу менен [[Кокон шаары|Кокондо]] башы алынган кыргыздардын кырк бийинин бирөөсү катары эскерилген Абдылда бий басыздардын каман уругунан чыккан<ref>''Болотов Ж.'' Камандар санжырасы. – Жалал-Абад, 2003. – 13-бет.</ref>.
Көгарттык басыздардан чыккан [[Нусуп, Абдылда уулу|Нусуп]] жана [[Чыйбыл болуш|Чыйбыл]] аттуу бир тууган бийлер [[Орусия империясы|Орусия империясынын]] тушунда Көгарт жана Тогуз-Торо чөлкөмдөрүнө болуш болуп дайындалышкан. Чыйбыл болуш
Басыз уруусунун байсогур уругунан чыккан [[Байымбет балбан|Баймамбет (Байымбет)]] атту атактуу балбан XIX к. 2-жарымы – XX к.башы аралыгында жашап, өмүрүндө [[күрөш]] боюнча эч кимден жеңилген эмес. Орусия империясынын дооорунда акталаалык басыздардан Алыбек баатыр, Мамыткан болуш, Мураталы бий деген атактуу адамдар чыккандыгы эл ичинде айтылып келет.
|