Басыз, уруу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
18-сап:
Сагымбай ажынын санжырасы боюнча, XVIII кылымда Гиссардан басыз уруусу Доскул баатырдын башчылыгында Өзгөндүн тоолоруна көчүп келишкен.
 
1763-1770-жылдары жазылган «Сиюй чжи» аттуу тарыхый кытай жазма булагында басыздар чыгыш (түндүк) кыргыздарынын да, батыш (түштүк) кыргыздарынын да курамында кошо эскерилет<ref>Кыргыздардын жана Кыргызстандын тараыхыйтарыхый булактары. II т. Бишкек, 2003. – 229-231-б.</ref>. Ушул себептен [[Валиханов Чокан|Ч. Валиханов]], П. П. Семенов Тянь-Шаньский, [[Аристов, Николай Александрович|Н. А. Аристовдор]] өз эмгектеринде жаңылыштык менен басыздарды [[Оң канат|оң канатка]] кирет деп жазышкан. Демек, XVIII кылымдын ортосунда басыз уруусу саясий жактан аркалык жана анжиян тараптык болуп экиге ажыраган. Бирок алардын ортосун [[Фергана, кырка тоо|Фергана кырка тоосу]] гана бөлүп турган.
 
Ош-Алай кыргыз урууларынын конфедерациясына кирип турган басыздар негизинен [[Көгарт өрөөнү|Көгарт]] жана [[Жазы, өрөөн|Жазы өрөөнүн]] ээлеп келишкен. XVIII кылымдын ортосунда [[Адыгине (уруулук топ)|адыгине уруусунан]] [[Ажы бий|Ажы бийдин]] бийлиги учурунда 1300 түтүн басыздарды Ка-р-га (Калка) башкарып тургандыгы кытай жазма булактарында эскерилет<ref>Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Баш. түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун. – Шинжаң эл басмасы, 2004. – 133-134-б.</ref>. Уламыштар боюнча, XVIII кылымда [[Саруу, уруу|саруу уруусунан]] [[Бердике Баатыр|Бердике баатыр]] [[Анжыян (шаар)|Анжиян шаарын]] каратып алганда басыз уруусунун кудайлат уругунан чыккан [[Сарыкүчүк бий|Сарыкүчүк]] деген бийин [[Ош|Ош шаарына]] аким кылып дайындаган. Кытай жазма булактарында [[Ажы бий]] батыш кыргыздарынын атынан Сарыкүчүктү (кыт. Ша-ла-ку-чу-к) 1759-жылы [[Цин империясы|Цин империясына]] элчи кылып жибергендиги эскерилет<ref>Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары (Б.з.ч. II – XVIII к. кытай булактарынан үзүндүлөр). II том. – Бишкек, 2003. – 136, 165-б.</ref>. XVIII к. 2-жарымында Мурат (Сарыкүчүктүн уулу) башкарган 400 түтүн басыздар Марал деген жерде дыйканчылык менен күн көрүп турушкандыгы «Сиюй чжи» эмгегинде айтылат<ref>''Супруненко Г.П.'' Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII – начало XIX вв. – Фрунзе, 1976. – 81-б.</ref>.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Басыз,_уруу" булагынан алынды