Басыз, уруу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
22-сап:
Ош-Алай кыргыз урууларынын конфедерациясына кирип турган басыздар негизинен [[Көгарт өрөөнү|Көгарт]] жана [[Жазы, өрөөн|Жазы өрөөнүн]] ээлеп келишкен. XVIII кылымдын ортосунда [[Адыгине (уруулук топ)|адыгине уруусунан]] [[Ажы бий|Ажы бийдин]] бийлиги учурунда 1300 түтүн басыздарды Ка-р-га (Калка) башкарып тургандыгы кытай жазма булактарында эскерилет<ref>Кытай жазмаларындагы кыргыздар. Баш. түзүүчү Мамбеттурду Мамбетакун. – Шинжаң эл басмасы, 2004. – 133-134-б.</ref>. Уламыштар боюнча, XVIII кылымда [[Саруу, уруу|саруу уруусунан]] [[Бердике Баатыр|Бердике баатыр]] [[Анжыян (шаар)|Анжиян шаарын]] каратып алганда басыз уруусунун кудайлат уругунан чыккан [[Сарыкүчүк бий|Сарыкүчүк]] деген бийин [[Ош|Ош шаарына]] аким кылып дайындаган. Кытай жазма булактарында [[Ажы бий]] батыш кыргыздарынын атынан Сарыкүчүктү (кыт. Ша-ла-ку-чу-к) 1759-жылы [[Цин империясы|Цин империясына]] элчи кылып жибергендиги эскерилет<ref>Кыргыздардын жана Кыргызстандын тарыхый булактары (Б.з.ч. II – XVIII к. кытай булактарынан үзүндүлөр). II том. – Бишкек, 2003. – 136, 165-б.</ref>. XVIII к. 2-жарымында Мурат (Сарыкүчүктүн уулу) башкарган 400 түтүн басыздар Марал деген жерде дыйканчылык менен күн көрүп турушкандыгы «Сиюй чжи» эмгегинде айтылат<ref>''Супруненко Г.П.'' Материалы из китайских источников по истории киргизов XVIII – начало XIX вв. – Фрунзе, 1976. – 81-б.</ref>.
 
[[Стамов Асанбек|Асанбек Стамовдун]] «Хан Тейиш» аттуу тарыхый романында [[Атаке баатыр|Атаке бийдинбий]] күйөөменен баласы катарыбирге эскерилген Сарытай мырза аттуу каарман басыздардан чыккан тарыхый инсан болгондугу эл оозунда айтылып жүрөт.
 
=== XIX кылым - XX к. башы ===
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Басыз,_уруу" булагынан алынды