Кыргыз хандыгы: нускалардын айырмасы

кыргыздардын 19-кылымдагы мамлекети.
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Эң зарыл макала
(Айырма жок)

9 март 2020, саат 14:35 учурдагы нуска

Кара-кыргыз хандыгы — азыркы Кыргызстандын түндүк бөлүгүндө 1841-1865-жж. өз доорун сүргөн мамлекеттик түзүлүш. Ал учурда казактарды "кыргыз" деп тааныган Орусия империясынын аткаминерлери Ормон ханга баш ийген кыргыздарды "кара-кыргыз" деп таанышкан.

Тарыхы

Биригүүгө чейинки абал

XVIII к. ортосунан бери регионалдык-географиялык жайгашуусуна жараша аркалык (түндүк-чыгыш) жана ичкилик, анжыяндык (түштүк-батыш) деп, экиге бөлүнүшкөн Орто Азиядагы кыргыздар XIX к. 30-40-жж. Кокон хандыгы тарабынан каратылып, анын курамында бир мамлекетке биригишкен. Ошондо кыргыз уруу башчыларынын күчтүүлөрү датка, парваначы наамын алышып, айрымдары миң башылыкка, аталык болууга да умтула башташкан. Бирок, 1841-жылы Мадалы хандын бийлиги Бухара эмирлиги тарабынан жоюлуп, кокондуктар Бухарага каратылган. Мындан кийин Наманганга жакын жайгашкан Нүзүп миңбашы баштаган кыргыздар, өзбектер, тажиктер жана кыпчактар хан тукумунан Шералыны пайдаланып, Кокон хандыгын кайра калыптандырууга бел байлашкан. Ал эми ошол эле убакта казактар Кенесары Касым уулунун жетекчилигинде Казак хандыгын калыптандырышса, азыркы Кыргызстандын түндүгүндөгү урууларды парваначы Ормон Ниязбек уулу өзүнчө Кыргыз хандыгына бириктирүүгө умтула баштаган.

Хандыктын түптөлүүсү

Орто Азияда жүрүп жаткан ушундай саясий жараяндын ыргагына жараша, кыргыз эли да 1841–жылы күзүндө Ысык-Көлдүн батышындагы Кызыл-Токойдо (Тармал-Сазда)  кыргыз элинин элитасынын курултайын өткөзүшүп, Ормон Ниязбек уулун (1792-1855) кыргыздардын ханы деп жарыялашкан. Тарыхчы Саул Абрамзондун маалыматы боюнча, ал курултайда  Жангарач Эшкожо уулу (солто уруусунан), Медет Байтүгөл уулу (саяк), Балбай Эшкожо уулу (бугу), Жантай Карабек уулу (сарыбагыш) жана Кыргызстандын түштүгүнөн (Кокон ханынын өкүлү катары) да бийлик ээлери катышышкан[1]. Профессор Кушбек Усенбаев буларга кошумча Боронбай Бекмурат уулу (бугу), Муратаалы Пирназар уулу (бугу), Аалыбек Кетрекей уулу (саяк), Шорук бий, Ажыбек Алчыкен уулу (саруу-кушчу) жана Алымбек Асан уулунун (адигине – Алай, Анжыян тараптан) да катышканын белгилейт[2]. Элдик уламыштардын маалыматында бул аземге дагы Качыке Түлкү уулу (саяк), Ажыбек баатыр (черик), Медербек (жетиген)[3], Тогуз-Тородон Карбоз Манаке уулу (саяк) катышышкан[4].

Кызыл-Токойдогу хан көтөрүү аземи байыркы көчмөн элдеринин салттарына ылайык Ормонго кызыл тебетей кийгизилип, ак кийизге отургузулуп, «хан» деп жарыяланган. Аземге катышуучулардын ант берүүсү (чырпык кесүү) менен 9 ак боз жылкы курмандыкка чалынып, бүткүл кыргыз ханынын  жогорку бийлиги мыйзамдаштырылган эле.

Кокон чептерине кол салуу

Кыргыз-казак согушу (1846-47)

22-август 1847-жылы Копал шаарында, Россия империясынын өкүлдөрүнүн ортомчулугунда кыргыздар менен казактар тынчтык жолу менен достошуу келишимин иш жүзүнө ашырышкан. Келишим эки бөлүктөн туруп, биринчиси – кыргыздарга, экинчиси – казактарга таандык болгон.

Келишимдердеги кыргыздарга тиешелүү айрым жерлери төмөндөгүдөй:

1. Россия мамлекетинин төбөлдөрү болгон Улуу жана Орто жүз казактары менен достукта жана тынччылыкта жашоого, барымта, каракчылык жана өлүм жаратуучулукту жасабоого милдеттенебиз. Ортобуздагы маанилүү эмес талаштарды биздин талаа мыйзамдарыбыздын негизинде, эки тараптык макулдашуулукта чечишип канааттанабыз.

2. Бул келишимдердеги шарттарды ыйык сактоого кепилдик беребиз жана аны бузбайбыз. Эгер биз кичине эле жерден аларды аткарбасак, анда Кудайдын каарындагы жоопкерчиликте болобуз. [60, с.106-110].

Тышкы саясат

Кыргыздардын борборлоштурулган мамлекетин калыбына келтирүү жараяны 1841-жылы Ормонду хан көтөрүү аземи менен эле аягына чыгарылган. Кыргыз мамлекети өзүн өзү сактоого жөндөмдүү экендигин 1845-1847-жылдардагы казак ханы Кенесары Касым уулунун Кыргызстанга жасаган жортуулдарынын мизин кайтарып, алардын жоокердик күчтөрүн жеңүү менен ырастаганы көпчүлүккө белгилүү.

1847-1848-жылдары Ормон хандын жоокерлери Кыргызстанга жортуулга келишкен Кокон ханынын аскерлерин эки жолу жеңилүү ызасын тарттырышкан [49, с. 70-71].

Кашгарда көтөрүлүш аркылуу жаңы бийликке 1847-жылы убактылуу женишкен “Жети кожолор” мамлекети менен Ормон хан саясий байланышта болгон [49, с. 69].

Ички саясат

Илеге болгон экспансия

1852-жылы 23-мартта Россиянын падышасы Николай I ге Ормон хандын жазган катында анын Кыргыз мамлекетинин жер аймактарын тактоого аракеттенип, казактар менен чектеш Или дарыясынын оң тарабын ээлеп, байтактысын ошол жакка көчүрүүгө болгон далалатын көрүүгө болот.

Ормон хандын өлүмү

Ормон хандан кийинки мезгил

Кыргыздардын борбордоштурулган мамлекети Ормон хандын башкаруучулугунда 14 жыл толук кандуу өкүм сүрүп, андан соң, анын уулу Үмөтаалынын жетекчилигинде дагы 12 жыл жашаган. Ормон хандын уулу Үмөтаалынын атасынын хандык бийлигин мурас катары ээлегендиги жөнүндө 1856-жылы Ш. Уалиханов [8, с. 324], 1856-жылы П. П. Семенов [67, с. 207], 1867-жылы Н.А. Северцов [65, с. 306-311] белгилеп кетишкен. Бирок, Үмөтаалынын бийлигин жана хандык даражасын бардык эле манаптар эмес, анын жакын санаалаштары гана кабыл алгандыгы анык. Ормон хандын өлүмүнөн соң, баатыр башы Төрөгелди өз билгенинче иш жүргүзүп, бугу-сарыбагыш чатагын козгогон.

Ысык-Көлдөгү жарандык согуш

Уруулардын хандыктан бирден бөлүнүп чыгуусу

Кара кыргыз хандыгынын аймагын жаңы келген орус баскынчылардан бошотууну Үмөтаалы Ормон уулу уюштуруп, аракеттенгени белгилүү [72, с. 75; 11, с. 259-260]. 1863-жылы 18-июнда ал жоокерлери менен Нарын тарапка бара жаткан орус почто кызматчыларына кол салып, бирөөсүн опат кылган [41, л. 121об.-122об.], ал эми анын эртеси 19-июнда Уметаалы өзүнүн туугандары жана саяк уруусунун манабы Осмон Тайлак уулунун жана башка уруу башчыларынын колдоосу менен Нарын суусунун боюнда Курткага жакын Экичат деген жерде, миңдеген жоокерлерди топтоп кыргыз байрактарын желбиретип, добулбстардын коштоосунда подпоручик Зубарев кол башчылык кылган ок-дары, тамак-аш алып келе жаткан 40 солдаттан турган орус жоокерлерин үч күн курчоого алып аткылашып жатканда, орустарга капитан Проценконун кошууну жардамга келиши менен курчоого алгандар чегинип кетишкен [53, л. 32-36].

Хандыктын жоюлушу

1867-жылы Үмөтаалы Россия империясынын бийлигин тааныйт. Ал өз жайыттарына келүү максатында Туркестан генерал-губернатору, "жарым падыша" атанган Константин Петрович Фон Кауфмандын 20-октябрь 1867-жылкы буйругу менен согуштук окуяларда жапа чеккендерге кун (штраф, тагыраагы  – контрибуция) төлөөгө мажбурланган.

Башкаруу түзүмү

Ормон хандын негизги кеңешчиси болуп кыргыз элинин белгилүү акылман ойчулу Калыгул Бай уулу дайындалган.

Хандын алдында Чоң жана Кичи кеңеш курамы уюшулган. Биринчисинде: Калыгул Бай уулу, Жангарач Эшкожо уулу, Жантай Карабек уулу, Шамен Куттуксейит уулу, Миңназар, Ажыбек, Жаманжээн жана башкалар болгон. Кичи кеңеште: Медербек менен Миңназар туруктуулукта көбүнчө сот иштери менен алектенип, аткаруучулук багытта иш алып барышкан.

Аскер башы, ички жана тышкы иштерди тейлөөчү башкаруучулар (бүгүнкү министрлер) дайындалган. Алардын бири, алгачкы аскер башчылыгына (Коргоо министри) Алыбек баатыр Кетрекей уулу (Ормондун бир тууган жездеси [72, л. 135]), кийин Ормондун жакын инилеринен Адыл, Төрөгелди баатырлар дайындалган.

Тышкы иштер министринин милдетин Байсерке  аткарган. Атайын ыйгарымдуу элчилери катары, Чал Түлөберди (архив документинде – Түгөлбай [45, л. 43]) уулу, Саза молдо Калча уулу жана сабаттуу Байгабыл Мышыкбай уулу деген адамдар эле [51, с. 4; 56, с. 47-55].

Аймактык чеги

Ормон ханга Ысык-Көлдүн Күнгөйү менен Тескейи жана Чүй өрөөнү, ошондой эле Жумгал, Кочкор, Нарын жана Кетмен-Төбөдөгү кыргыздар баш ийип турган.

Мамлекеттик символдору

Ормон хандын жасалгаланган хан тахтысы, өздүк мөөрү жана туусу [44, л. 16]  болгон.

Мыйзамы

Ормон хандын негизги саясий ишмердүүлүгүнүн багыты – уруулар арасындагы ынтымакты бекемдөө жана күчтүү борборлоштурулган кыргыз мамлекетин кайра түзүүгө багытталган эле. Ал эң оболу кыргыз коомундагы мыйзамдуулукту орнотууга киришип, бекем тартипти сактоо иретинде байыркы үрп-адатка негизделген жаңы мыйзамдарды иштеп чыгып, чоң түшүндүрүү иштерин жүргүзгөн. Ал элдин эсинде  «Ормон окуу» деп сакталган.

Мыйзамдарды бузган адамдарды жазалоочу жайы – даргасы болуп, анда ар убакта күнөөгө тартылгандардын денелери илинип турганын тарыхый булактар ырастайт [9, с. 38].

Сын пикирлер


Колдонулган адабияттар


Шилтемелер

  1. Абрамзон С. У истоков манапства/Экспедиционный очерк//Советская Киргизия. 1931. 2-3-б.
  2. Усенбаев К. Ормон хан. Бишкек, 1999. - 30-31-б.
  3. Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду (XIX кылымдын ортосу-XX кылымдын башы). Бишкек, 2003. - 40-б.
  4. Орунбеков Б. Карбоз ата жана бабалары. Бишкек, 2014. - 3-б.