Кыргыз хандыгы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
9-сап:
 
==== Хандыктын түптөлүүсү ====
[[Орто Азия|Орто Азияда]] жүрүп жаткан ушундай саясий жараяндын ыргагына жараша, кыргыз эли да 1841–жылы күзүндө [[Ысык-Көл|Ысык-Көлдүн]] батышындагы Кызыл-Токойдо (Тармал-Сазда)  кыргыз элинин элитасынын курултайын өткөзүшүп, [[Ормон хан|Ормон Ниязбек уулун]] (1792-1855) '''''кыргыздардын ханы''''' деп жарыялашкан.

Тарыхчы [[Саул Абрамзон|Саул Абрамзондун]] маалыматы боюнча, ал курултайда  Жангарач Эшкожо уулу (солто уруусунан), Медет Байтүгөл уулу (саяк), Балбай Эшкожо уулу (бугу), Жантай Карабек уулу (сарыбагыш) жана Кыргызстандын түштүгүнөн (Кокон ханынын өкүлү катары) да бийлик ээлери катышышкан<ref>Абрамзон С. У истоков манапства/Экспедиционный очерк//Советская Киргизия. 1931. 2-3-б.</ref>. Профессор [[Үсөнбаев Кушбек|Кушбек Усенбаев]] буларга кошумча Боронбай Бекмурат уулу (бугу), Муратаалы Пирназар уулу (бугу), Аалыбек Кетрекей уулу (саяк), Шорук бий, Ажыбек Алчыкен уулу (саруу-кушчу) жана Алымбек Асан уулунун (адигине – Алай, Анжыян тараптан) да катышканын белгилейт<ref>Усенбаев К. Ормон хан. Бишкек, 1999. - 30-31-б.</ref>. Элдик уламыштардын маалыматында бул аземге дагы Качыке Түлкү уулу (саяк), Ажыбек баатыр (черик), Медербек (жетиген)<ref>Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду (XIX кылымдын ортосу-XX кылымдын башы). Бишкек, 2003. - 40-б.</ref>, Тогуз-Тородон Карбоз Манаке уулу (саяк) катышышкан<ref>Орунбеков Б. Карбоз ата жана бабалары. Бишкек, 2014. - 3-б.</ref>.
 
Кызыл-Токойдогу хан көтөрүү аземи байыркы көчмөн элдеринин салттарына ылайык Ормонго кызыл тебетей кийгизилип, ак кийизге отургузулуп, '''«хан»''' деп жарыяланган. Аземге катышуучулардын ант берүүсү (чырпык кесүү) менен 9 ак боз жылкы курмандыкка чалынып, бүткүл кыргыз ханынын  жогорку бийлиги мыйзамдаштырылган эле.
 
Ормондун ата-бабалары кылымдар бою түндүк-чыгыш (аркалык) кыргыз урууларынын конфедерациясында эң таасирдүү бийлерден болушкандыгы, демек анын тектүү уруктан болгондугу ал үчүн хан болуу укугун ырастаган. Ормондун өз атасы Ниязбек бий, чоң атасы Эсенгул бий, бабасы Болот бий, 4-атасы Мааматкул бий, 5-атасы Үчүкө баатыр, 6-атасы Сарсейит бий, 7-атасы Манап бий болгон.
 
==== Кокон чептерине кол салуу ====
Тарыхчы Белек Солтоноев калтырган маалымат боюнча, Ормон хандын аскер башчыларынан саналган, көлдүк саяк кыргызынан Кетирекейдин уулу Алыбек баш болгон кыргыз жоокерлери Куртка чебиндеги кокондук аскерлерге кол салышкан. Кыргыздар бир нече күндөн соң жеңип, далай сарбоз өлтүрүлүп, колго түшкөн мылтык, кылычтарды Ормон ханга тапшырып беришкен.
 
==== Кыргыз-казак согушу (1846-47) ====
1847-жылы апрель айында Кенесары хан баштаган 15 миңдей казак аскерлери Кыргыз хандыгынын аймагына кирип келген. Кыргыздар менен казактардын ортосунда бир канча күнгө созулган согуш башталып, анда кыргыздар Ормон хандын "Ормон опуза" деген согуштук-тактикалык планынын жардамы менен жеңишке жетишкен. Туткундалган казак ханынын тагдырын чечүүдө кыргыз манаптары эки жаат болуп талашып, акыры өлүм жазасына тартылуусун каалагандардын чечими ишке ашкан.
 
22-август 1847-жылы Копал шаарында, Россия империясынын өкүлдөрүнүн ортомчулугунда кыргыздар менен казактар тынчтык жолу менен достошуу келишимин иш жүзүнө ашырышкантүзүшкөн. Келишим эки бөлүктөн туруп, биринчиси – кыргыздарга, экинчиси – казактарга таандык болгон.
 
Келишимдердеги кыргыздарга тиешелүү айрым жерлери төмөндөгүдөй:
Line 33 ⟶ 39:
 
==== Ички саясат ====
Белек Солтоноев кабарлагандай, Ормон хан болуп турганда солто, саяк, бугу, таластык кыргыздардын арасында уурулукту, майдалап жылкы алышууну эске албаганда, уруулар аралык эч чатак болгон эмес. Анын тушунда солтодон Жангарач, бугудан Боронбай, саяктан Чыны бийлер бири-бири менен кудалашып, достошуп, аралары жакындаган. Ысыккөлдүк уруулардын бийи болгон Боромбайдын Өмүрзак деген уулуна Ормон хан өзүнүн Кулан деген кызын берген.
 
==== Илеге болгон экспансия ====
1852-жылы 23-мартта Россиянын падышасы Николай I ге Ормон хандын жазган катында анын Кыргыз мамлекетинин жер аймактарын тактоого аракеттенип, казактар менен чектеш Или дарыясынын оң тарабын ээлеп, '''''байтактысын''''' ошол жакка көчүрүүгө болгон далалатын көрүүгө болот.
 
==== Ормон хандын өлүмү ====
1854-жылы ич ара мамилелер боюнча сүйлөшүүлөр үчүн бугу уруусуна барган Ормон хан капысынан туткундалып, Балбай тарабынан өлтүрүлгөн.
 
=== Ормон хандан кийинки мезгил ===
Line 43 ⟶ 51:
 
==== Ысык-Көлдөгү жарандык согуш ====
Бул чабыш Төрөгелди баатырды бошотуп алуу үчүн болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин аяктаган.
 
==== Уруулардын хандыктан бирден бөлүнүп чыгуусу ====
Орусия империясы казактарды каратып, 1854-жылы Верный чебин (азыркы Алматы шаары) курушкандан кийин, кыргыздарды каратууга чындап киришкен эле. 1855-жылы 7-январда бугу уруусунун атынан Качыбек Шераалы уулунун ант берүүсүнөн кийин Кыргызстандын Россияга каратылышы башталган. Орус бийлиги Кыргызстанды каратууну ар кыл айла-амал менен ишке ашырган. Мисалы, орус аскерлери улам казактарды кыргыздарга каршылаштырып, кыргыз манаптарынын ынтымагын ыдыратуу үчүн улуу жүз казактарына атайын жашыруун көрсөтмө да берген. Натыйжада Жантай башкарган тынай уруусу орус бийлигин кабыл алууга макулдук берсе, Үмөтаалы Ормон уулу буга каршы болгон. Бишкек чебинин беги Рахматуллага каршылашкан Байтик Канай уулу орус бийлигине жакындашса, Жаңгарач орус бийлигине каршы чыккан.
Кара кыргыз хандыгынын аймагын жаңы келген орус баскынчылардан бошотууну Үмөтаалы Ормон уулу уюштуруп, аракеттенгени белгилүү [72, с. 75; 11, с. 259-260]. 1863-жылы 18-июнда ал жоокерлери менен Нарын тарапка бара жаткан орус почто кызматчыларына кол салып, бирөөсүн опат кылган [41, л. 121об.-122об.], ал эми анын эртеси 19-июнда Уметаалы өзүнүн туугандары жана саяк уруусунун манабы Осмон Тайлак уулунун жана башка уруу башчыларынын колдоосу менен Нарын суусунун боюнда Курткага жакын Экичат деген жерде, миңдеген жоокерлерди топтоп кыргыз байрактарын желбиретип, добулбстардын коштоосунда подпоручик Зубарев кол башчылык кылган ок-дары, тамак-аш алып келе жаткан 40 солдаттан турган орус жоокерлерин үч күн курчоого алып аткылашып жатканда, орустарга капитан Проценконун кошууну жардамга келиши менен курчоого алгандар чегинип кетишкен [53, л. 32-36].
 
1860-жылы сарыбагыш уруусунун жетекчилерин колго түшүрүп, жазалоо максатын көздөгөн капитан Венюковдун отряды келгенде Үмөтаалы менен [[Төрөгелди баатыр|Төрөгелди]] [[Нарын]], [[Ат-Башы]] тарапка эли менен көчүп кетишкен. Алар орустар менен кокондуктардын ортосундагы 1860-жылы жай, күз айларындагы Кастек жана Узун-Агачтагы салгылаштарда [[Алымбек датка]]ны колдошкон. Кокон ханы [[Мала хан]] тарабынан куугунтукталган Алымбек датка 1861-жылы Нарын аймагына келгенде, Үмөтаалы ага чоң жардам көрсөткөн.
 
1862-жылы орустар Токмок, Пишпек чептерин каратышат. 1863-жылы орус аскерлери Куртка чебин караткан. Ошол эле жылы Ат-Башыдагы чериктер орус бийлигин тааныган. Кара кыргыз хандыгынын аймагын жаңы келген орус баскынчылардан бошотууну Үмөтаалы Ормон уулу уюштуруп, аракеттенгени белгилүү [72, с. 75; 11, с. 259-260]. 1863-жылы 18-июнда ал жоокерлери менен Нарын тарапка бара жаткан орус почтопочта кызматчыларына кол салып, бирөөсүн опат кылган [41, л. 121об.-122об.], ал эми анын эртеси 19-июнда Уметаалы өзүнүн туугандары жана саяк уруусунун манабы Осмон Тайлак уулунун жана башка уруу башчыларынын колдоосу менен Нарын суусунун боюнда Курткага жакын Экичат деген жерде, миңдеген жоокерлерди топтоп кыргыз байрактарын желбиретип, добулбстардын коштоосунда подпоручик Зубарев кол башчылык кылган ок-дары, тамак-аш алып келе жаткан 40 солдаттан турган орус жоокерлерин үч күн курчоого алып аткылашып жатканда, орустарга капитан Проценконун кошууну жардамга келиши менен курчоого алгандар чегинип кетишкен [53, л. 32-36].
 
1864-жылы 5-июнда полковник М. Г. Черняевдин отряды (2500 аскер) Олуя-Атаны алып, отряддын бир бөлүгү Талас аркылуу өтүп, Чаткалды ээлеген. Ушул жылы Кокон хандыгынын иш жүзүндөгү толук башкаруучусу болгон кыргыз Алымкул аталык [[Тогуз-торо району|Тогуз-Тородон]] [[Кочкор]]го чейин жүрүш жасаганда, Үмөтаалы ага кошулган. Бирок, Коконго караган [[Чымкен]]ди орустар басып алганына байланыштуу Коконго кайтып кетип, Ташкен шаарын коргоодо Алымкул курман болгондон кийин, Үмөтаалы ишенген адамдардан Чаргын менен Осмон гана калат.
 
1865-жылы Жумгал, Суусамыр, Кетмен-Төбө, Нарынды жердеген саяк уруулары орус бийлигине ант берет.
 
1864-67-жылдары Үмөтаалы Атбашы, Нарындан Кашкарга чейинки аралыкты ээлеп, Кокон, Кашкар кербендерин тоноп жана орус бийлигин кабыл алган кыргыз урууларына кол салып турган.
 
1867-жылы Кашкарда Жакыпбек бийликке отургандан кийин, ал Үмөтаалыны бир жагынан кыса баштаса, экинчи жагынан орус аскерлери да 1867-жылы жайында полковник Полторацкийдин жетекчилигинде Ат-Башы, Чатыр-Көл аймактарына экспедиция уюштурушкан.
 
==== Хандыктын жоюлушу ====
1867-жылы Үмөтаалы Россия империясынын бийлигин тааныйт. Ал өз жайыттарына келүүкайтып максатындакеле алуусу үчүн Туркестан генерал-губернатору, "жарым падыша" атанган Константин Петрович Фон Кауфмандын 20-октябрь 1867-жылкы буйругу менен согуштук окуяларда жапа чеккендерге кун (штраф, тагыраагы  – контрибуция) төлөөгө мажбурланган.
 
== Башкаруу түзүмү ==
Line 58 ⟶ 79:
 
Тышкы иштер министринин милдетин Байсерке  аткарган. Атайын ыйгарымдуу элчилери катары, Чал Түлөберди (архив документинде – Түгөлбай [45, л. 43]) уулу, Саза молдо Калча уулу жана сабаттуу Байгабыл Мышыкбай уулу деген адамдар эле [51, с. 4; 56, с. 47-55].
 
Ормон хандын жеке өзүнө караштуу 30-40 адамдан турган мылтыкчан мергендери болуп (мылтыктарын чампан атаган), дайыма аларды бышыктырып (машыктырып) турган. Тарыхчы Белек Солтоноев бул мергендердин башчылыгында саяк кыргызынан, казак тукумунун уругунан Дада менен Бердибек болгондугун айтат.
 
== Аймактык чеги ==
Line 69 ⟶ 92:
 
Мыйзамдарды бузган адамдарды жазалоочу жайы – даргасы болуп, анда ар убакта күнөөгө тартылгандардын денелери илинип турганын тарыхый булактар ырастайт [9, с. 38].
 
Ормон хан мамлекеттеги мыйзамдын аткарылуусуна абдан көңүл бурган. Мисалы, тынай уруусунун манабы болгон Жантай өзүнүн аймагындагы ашынган уурулукту токтотуп берүүсү үчүн ханды Боролдой деген жерге көчүрүп келген. Ормон хан ууруларды карматып, уурдалган ар бир мал үчүн 9 мал төлөөгө мажбурлаган. Ошондой эле, көптөгөн коңшу журттардын жылкыларын тийип, тартып алуу менен алектенген Балбай баатырды карматып, орго салдыргандыгы маалым.
 
== Сын пикирлер ==
Line 75 ⟶ 100:
 
* [http://kutbilim.kg/kg/2019/10/15/kara-kyrgyz-handygy-borborduk-aziyadagy-el-aralyk-mamilelerdin-subektisi-xviii-xix-k-k/ КАРА КЫРГЫЗ ХАНДЫГЫ - БОРБОРДУК АЗИЯДАГЫ ЭЛ АРАЛЫК МАМИЛЕЛЕРДИН СУБЪЕКТИСИ (XVIII-XIX к.к.)]
*[http://www.history.krsu.edu.kg/index.php?option=com_content&view=article&id=429%3A--------&catid=36%3A--&Itemid=73&showall=1 Грандин И.Н. Ормон-хан в трудах академика Б.Д. Джамгерчинова.]
 
* [https://muras.turmush.kg/unews/un_post:8373 Дөөлөтбек Сапаралиев. Кыргыздардын эгемендүү борборлоштурулган мамлекети — Кара кыргыз хандыгы жөнүндө жаңы даректер]