Кыргыз хандыгы: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
Белгилер: Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
11-сап:
[[Орто Азия|Орто Азияда]] жүрүп жаткан ушундай саясий жараяндын ыргагына жараша, кыргыз эли да 1841–жылы күзүндө [[Ысык-Көл|Ысык-Көлдүн]] батышындагы Кызыл-Токойдо (Тармал-Сазда)  кыргыз элинин элитасынын курултайын өткөзүшүп, [[Ормон хан|Ормон Ниязбек уулун]] (1792-1855) кыргыздардын ханы деп жарыялашкан.
 
Тарыхчы [[Саул Абрамзон|Саул Абрамзондун]] маалыматы боюнча, ал курултайда  Жангарач Эшкожо уулу (солто уруусунан), [[Медет датка|Медет Байтүгөл уулу]] (саяк), [[Балбай баатыр|Балбай Эшкожо уулу]] (бугу), [[Жантай Карабек уулу]] (сарыбагыш) жана Кыргызстандын түштүгүнөн (Кокон ханынын өкүлү катары) да бийлик ээлери катышышкан<ref>Абрамзон С. У истоков манапства/Экспедиционный очерк//Советская Киргизия. 1931. 2-3-б.</ref>. Профессор [[Үсөнбаев Кушбек|Кушбек Усенбаев]] буларга кошумча [[Боронбай Бекмурат уулу]] (бугу), [[Муратаалы Пирназар уулу]] (бугу), [[Аалыбек Кетрекей уулу]] (саяк), Шорук бий, [[Ажыбек Алчикен уулу|Ажыбек Алчыкен уулу]] (саруу-кушчу) жана [[Алымбек датка|Алымбек Асан уулунун]] (адигине – Алай, Анжыян тараптан) да катышканын белгилейт<ref>Усенбаев К. Ормон хан. Бишкек, 1999. - 30-31-б.</ref>. Элдик уламыштардын маалыматында бул аземге дагы [[Качыке Түлкү уулу]] (саяк), [[Ажыбек баатыр]] (черик), Медербек (жетиген)<ref>Өмүрбеков Т.Н. Улуу инсандардын Кыргызстандын тарыхындагы ролу жана орду (XIX кылымдын ортосу-XX кылымдын башы). Бишкек, 2003. - 40-б.</ref>, Тогуз-Тородон [[Карбоз Манаке уулу]] (саяк) катышышкан<ref>Орунбеков Б. Карбоз ата жана бабалары. Бишкек, 2014. - 3-б.</ref>.
 
Кызыл-Токойдогу хан көтөрүү аземи байыркы көчмөн элдеринин салттарына ылайык Ормонго кызыл тебетей кийгизилип, ак кийизге отургузулуп, '''«хан»''' деп жарыяланган. Аземге катышуучулардын ант берүүсү (чырпык кесүү) менен 9 ак боз жылкы курмандыкка чалынып, бүткүл кыргыз ханынын  жогорку бийлиги мыйзамдаштырылган эле.
 
[[Ормон хан|Ормондун]] ата-бабалары кылымдар бою түндүк-чыгыш (аркалык) кыргыз урууларынын конфедерациясында эң таасирдүү бийлерден болушкандыгы, демек анын тектүү уруктан болгондугу ал үчүн хан болуу укугун ырастаган. Ормондун өз атасы Ниязбек бий, чоң атасы Эсенгул бий, бабасы Болот бий, 4-атасы Мааматкул бий, 5-атасы Үчүкө баатыр, 6-атасы Сарсейит бий, 7-атасы Манап бий болгон.
 
==== Кокон чептерине кол салуу ====