Кыргыз хандыгы: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary Белгилер: Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү |
No edit summary Белгилер: Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү |
||
15-сап:
Кызыл-Токойдогу хан көтөрүү аземи байыркы көчмөн элдеринин салттарына ылайык Ормонго кызыл тебетей кийгизилип, ак кийизге отургузулуп, '''«хан»''' деп жарыяланган. Аземге катышуучулардын ант берүүсү (чырпык кесүү) менен 9 ак боз жылкы курмандыкка чалынып, бүткүл кыргыз ханынын жогорку бийлиги мыйзамдаштырылган эле.
[[Ормон хан|Ормондун]] ата-бабалары кылымдар бою түндүк-чыгыш (аркалык) кыргыз урууларынын конфедерациясында эң таасирдүү бийлерден болушкандыгы, демек анын тектүү уруктан болгондугу ал үчүн хан болуу укугун ырастаган. Ормондун өз атасы [[Ниязбек бий, Эсенгул уулу|Ниязбек бий]], чоң атасы [[Эсенкул бий|Эсенгул бий]], бабасы [[Болот баатыр|Болот бий]], 4-атасы [[Мааматкул бий Үчүкө уулу|Мааматкул бий]], 5-атасы [[Үчүкө баатыр]], 6-атасы [[Сарсейит бий]], 7-атасы [[Манап бий]] болгон.
==== Кокон чептерине кол салуу ====
Тарыхчы [[Солтоноев Белек Солтонкелди уулу|Белек Солтоноев]] калтырган маалымат боюнча, Ормон хандын аскер башчыларынан саналган, көлдүк саяк кыргызынан [[Алыбек баатыр|Кетирекейдин уулу Алыбек]] баш болгон кыргыз жоокерлери [[Куртка чеби|Куртка чебиндеги]] кокондук аскерлерге кол салышкан. Кыргыздар бир нече күндөн соң жеңип, далай сарбоз өлтүрүлүп, колго түшкөн мылтык, кылычтарды [[Ормон хан|Ормон ханга]] тапшырып беришкен.
==== Кыргыз-казак согушу (1846-47) ====
1847-жылы апрель айында [[Кенесары Касымов|Кенесары хан]] баштаган 15 миңдей казак аскерлери Кыргыз хандыгынын аймагына кирип келген. Кыргыздар менен казактардын ортосунда бир канча күнгө созулган согуш башталып, анда кыргыздар Ормон хандын "Ормон опуза" деген согуштук-тактикалык планынын жардамы менен жеңишке жетишкен. Туткундалган казак ханынын тагдырын чечүүдө кыргыз манаптары эки жаат болуп талашып, акыры өлүм жазасына тартылуусун каалагандардын чечими ишке ашкан.
22-август 1847-жылы [[Копал шаары|Копал шаарында]],
Келишимдердеги кыргыздарга тиешелүү айрым жерлери төмөндөгүдөй:
32-сап:
==== Тышкы саясат ====
Кыргыздардын борборлоштурулган мамлекетин калыбына келтирүү жараяны 1841-жылы Ормонду хан көтөрүү аземи менен эле аягына чыгарылган. Кыргыз мамлекети өзүн өзү сактоого жөндөмдүү экендигин 1845-1847-жылдардагы казак ханы [[Кенесары Касымов|Кенесары Касым уулунун]] Кыргызстанга жасаган жортуулдарынын мизин кайтарып, алардын жоокердик күчтөрүн жеңүү менен ырастаганы көпчүлүккө белгилүү.
1847-1848-жылдары Ормон хандын жоокерлери Кыргызстанга жортуулга келишкен Кокон ханынын аскерлерин эки жолу жеңилүү ызасын тарттырышкан [49, с. 70-71].
==== Ички саясат ====
Белек Солтоноев кабарлагандай, Ормон хан болуп турганда [[солто]], [[Саяк, уруу|саяк]], [[Бугу (уруу)|бугу]], таластык кыргыздардын арасында уурулукту, майдалап жылкы алышууну эске албаганда, уруулар аралык эч чатак болгон эмес. Анын тушунда солтодон [[Жангарач Эшкожо уулу|Жангарач]], бугудан [[Боромбай Бекмурат уулу|Боронбай]], саяктан [[Чыны бий|Чыны бийлер]] бири-бири менен кудалашып, достошуп, аралары жакындаган. Ысыккөлдүк уруулардын бийи болгон Боромбайдын Өмүрзак деген уулуна Ормон хан өзүнүн Кулан деген кызын берген.
==== Илеге болгон экспансия ====
1852-жылы 23-мартта Россиянын падышасы [[Николай I]] ге Ормон хандын жазган катында анын Кыргыз мамлекетинин жер аймактарын тактоого аракеттенип, казактар менен чектеш Или дарыясынын оң тарабын ээлеп, ''байтактысын'' ошол жакка көчүрүүгө болгон далалатын көрүүгө болот.
==== Ормон хандын өлүмү ====
1854-жылы ич ара мамилелер боюнча сүйлөшүүлөр үчүн бугу уруусуна барган Ормон хан капысынан туткундалып, [[Балбай баатыр|Балбай]] тарабынан өлтүрүлгөн.
=== Ормон хандан кийинки мезгил ===
|