Кыргыз хандыгы: нускалардын айырмасы
Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary Белгилер: Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү |
No edit summary Белгилер: Көрсөтмөлүү оңдоо мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү |
||
48-сап:
=== Ормон хандан кийинки мезгил ===
Кыргыздардын борбордоштурулган мамлекети [[Ормон хан|Ормон хандын]] башкаруучулугунда 14 жыл толук кандуу өкүм сүрүп, андан соң, анын уулу Үмөтаалынын жетекчилигинде дагы 12 жыл жашаган. Ормон хандын уулу [[Үмөтаалы, Ормон уулу|Үмөтаалынын]] атасынын хандык бийлигин мурас катары ээлегендиги жөнүндө 1856-жылы [[Валиханов Чокан|Ш. Уалиханов]] [8, с. 324], 1856-жылы П. П. Семенов [67, с. 207], 1867-жылы [[Северцов, Николай Алексеевич|Н.А. Северцов]] [65, с. 306-311] белгилеп кетишкен. Бирок, Үмөтаалынын бийлигин жана хандык даражасын бардык эле манаптар эмес, анын жакын санаалаштары гана кабыл алгандыгы анык. Ормон хандын өлүмүнөн соң, баатыр башы [[Төрөгелди баатыр|Төрөгелди]] өз билгенинче иш жүргүзүп, бугу-сарыбагыш чатагын козгогон.
==== Ысык-Көлдөгү жарандык согуш ====
Бул чабыш [[Төрөгелди баатыр|Төрөгелди баатырды]] бошотуп алуу үчүн болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин аяктаган.
==== Уруулардын хандыктан бирден бөлүнүп чыгуусу ====
[[Орусия империясы]] [[Казактар|казактарды]] каратып, 1854-жылы [[Верный чеби|Верный чебин]] (азыркы [[Алмата|Алматы шаары]]) курушкандан кийин, [[Кыргыздар|кыргыздарды]] каратууга чындап киришкен эле. 1855-жылы 7-январда бугу уруусунун атынан [[Качыбек Шералы уулу|Качыбек Шераалы уулунун]] ант берүүсүнөн кийин [[Кыргызстан|Кыргызстандын]]
1860-жылы сарыбагыш уруусунун жетекчилерин колго түшүрүп, жазалоо максатын көздөгөн капитан Венюковдун отряды келгенде Үмөтаалы менен [[Төрөгелди баатыр|Төрөгелди]] [[Нарын]], [[Ат-Башы]] тарапка эли менен көчүп кетишкен. Алар орустар менен кокондуктардын ортосундагы 1860-жылы жай, күз айларындагы Кастек жана Узун-Агачтагы салгылаштарда [[Алымбек датка]]ны колдошкон. Кокон ханы [[Мала хан]] тарабынан куугунтукталган Алымбек датка 1861-жылы [[Нарын дарыясы|Нарын]] аймагына келгенде, Үмөтаалы ага чоң жардам көрсөткөн.
1862-жылы орустар [[Токмок, чеп|Токмок]], [[Пишпек чеби|Пишпек]] чептерин каратышат. 1863-жылы орус аскерлери [[Куртка чеби|Куртка чебин]] караткан. Ошол эле жылы [[Ат-Башы өрөөнү|Ат-Башыдагы]]
1864-жылы 5-июнда полковник [[Черняев, Михаил Григорьевич|М. Г. Черняевдин]] отряды (2500 аскер) [[Олуя-Ата|Олуя-Атаны]] алып, отряддын бир бөлүгү [[Талас өрөөнү|Талас]] аркылуу өтүп, [[Чаткал өрөөнү|Чаткалды]] ээлеген. Ушул жылы Кокон хандыгынын иш жүзүндөгү толук башкаруучусу болгон кыргыз [[Алымкул Аталык|Алымкул аталык]] [[Тогуз-торо району|Тогуз-Тородон]] [[Кочкор]]го чейин жүрүш жасаганда, Үмөтаалы ага кошулган. Бирок, Коконго караган [[Чымкен]]ди орустар басып алганына байланыштуу Коконго кайтып кетип, [[Ташкен|Ташкен шаарын]] коргоодо [[Алымкул Аталык|Алымкул]] курман болгондон кийин, [[Үмөтаалы, Ормон уулу|Үмөтаалы]] ишенген адамдардан Чаргын менен [[Осмон, Тайлак уулу|Осмон]] гана калат.
1865-жылы [[Жумгал өрөөнү|Жумгал]], [[Суусамыр өрөөнү|Суусамыр]], [[Кетмен-Төбө өрөөнү|Кетмен-Төбө]], [[Нарын дарыясы|Нарынды]] жердеген саяк уруулары орус бийлигине өтүүгө ант
1864-67-жылдары Үмөтаалы Атбашы, Нарындан [[Кашкар|Кашкарга]] чейинки аралыкты ээлеп, Кокон, Кашкар кербендерин тоноп жана орус бийлигин кабыл алган кыргыз урууларына кол салып турган.
1867-жылы Кашкарда [[Жакыпбек]] бийликке отургандан кийин, ал Үмөтаалыны бир жагынан кыса баштаса, экинчи жагынан орус аскерлери да 1867-жылы жайында полковник Полторацкийдин жетекчилигинде [[Ат-Башы өрөөнү|Ат-Башы]], [[Чатыркөл ойдуңу|Чатыр-Көл]] аймактарына экспедиция уюштурушкан.
==== Хандыктын жоюлушу ====
1867-жылы Үмөтаалы
== Башкаруу түзүмү ==
|