Тукум куугучтук: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
→‎Ген: кантип текшериш керек
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
Белгилер: мобилдик түзмөктөн түзөтүү мобилдик көрүнүш режиминде түзөтүү
21-сап:
Тукум куугучтук типтери. Генетикалык карталарды түзүү кишинин хромосомаларында көп гендердин жайгашуусунун ырааттуулугун табууга организмде доминанттуу жана рецессивдүү гендердин белгилеринин үстөмдүүлүгүн же басымдуулугун изилдөө тукум куугучтуктун бир нече типтерин бөлүүгө жардам берди.<br />
=== Х хромосомалар ===
Эненин X хромосомаларынын биринде жайгашкан оорулуу гендин таасирин башка X хромосоманын үстөмдүк кылуучу (доминанттуу) гени басаңдатканда оорулуу гени бар X хромосомасын алган эркек балада (көмүскөдө болсо да) тукум куума оору пайда болушу мүмкүн. Мындай жол менен көпчүлүк оорулар — гемофилия, диабеттин кээ бир түрү, түс тааныбоо жана башкалар тукум кууйт. Силер окуугула
=== Аутосомалардагы жайгашкан ген ===
Аутосомалардагы жайгашкан гендердин белгилери башкача берилет. Эгерде белги доминанттуу генде болсо уруктанууда энесинин же атасынын кайсы болбосун хромосомасы түйүлдүк клеткасына өтсө, ал өөрчүп келе жаткан организмдин бүткүл клеткасында өсөт. Эгерде ал оорулуу ген болсо, аның белгиси кыз менен эркек балдарга берилет. Бул учурда оорулуу кыз жана эркек балдардын саны бирдей болот. Никелешкендердин ичинде бирөөндө оорулуу аутосомалык -доминанттуу ген болсо, алардын балдарынын 50% тукум куума ооруга дуушарланат. Аутосомалык-рецессивдүү жол менен зат алмашуунун оор бузулуулары, нерв системасынын оорулары, кан оорулары жана башкалар тукум кууйт. Тукум куугучтуктун белгилери организмдин жеке өөрчүшүнүн бардык мезгилинде пайда болот. Тукум куума оорулардын көбү бала кезде эле эмес, кийин да кезигет. Мисалы, диабеттин тукум куума түрлөрүнүн кээ бири, нерв системасынын айрым оор түрү 30—40 жашта кездешет, башкача айтканда оорулуу генди алып жүрүүчүлөр өзүнүн кемтигин билбей эле никелешип, оорулуу тукум берет. Ошондуктан оорулуу генди алып жүрүүчүнү эрте табуучу изилдөөлөрдү күчөтүү өтө маанилүү. Цитоплазманын органеллаларындагы (мисалы, митохондриялар) генетикалык материалдын таасиринен келип чыгуучу Тукум куугучтук мааниге ээ. Цитоплазмалык гендер (плазмогендер) негизинен энеден тукум кууйт, себеби сперматозоиддердин цитоплазмасы өтө аз болгондуктан анда плазмоген аз болот.
 
== Тукум куугучтуктун хромосомалык теориясы ==
[[Америка]] цитологу У.Сеттон жана немецтин цитологу, эмбриологу Т.Бовери бул теорияга алгачкы негиз салуучулар эсептелет. Бул окумуштуулардын изилдөөлөрүнүн натыйжасында ген менен хромосомалардан бирдей жүрүшүн байкашкан. Мына ошол изилдөөлөр алгачкы учурда тукум куугучтуктун хромосомалык божомолун, анан бир топ жыл кийинчирээк тукум куугучтуктун аралашмалык теориясын түзүүгө негиз болгон.