Каракол: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
No edit summary
No edit summary
160-сап:
Курулуш өнөр жайда 2 ишкана «Темир-Бетон» жана «КараколТаш» аксионердик коомдору иштейт. Караколдогу көптөгөн ишканалар, комбинаттар ж. б. мамлекеттен ажыратылып, аксионердик коомдорго, коллектибдүү менчикке ж. б. айландырылган.
 
Шаар Ысыккөл облусунун баардык калктуу пункттары, ошондой эле республиканын борбору ж. б. аймактары менен унаа жолу аркылуу байланышат. Балыкчы темир жол бекетинен 219 км (унаа жолу бойунча) чыгышта (көл аркылуу 184 км), [[Бишкек|Бишкек шаарынан]] 386 км. Каракол унаа жолу өтөт. Башка негизги жол [[Түп району|Түп районунунооданынын аймагы]] аркылуу түштүк-чыгыш Казакстанды бириктирип турган Каракол — [[Бишкек]] — [[Алма-Ата|Алма Ата]] унаа жолу өтөт, бирок бул жол реконструксиалоого муктаж.
 
Каракол шаарынын түндүк-чыгышында деңиз деңгээлинен 1700 м бийиктикте облустун абабекети жайгашкан. Каракол абабекетинен 1990 ж. чейин жумасына 30–40 рейс катталган, азыркы учурда [[Бишкек]], [[Чолпон-Ата|Чолпон Ата]], [[Алма-Ата|Алма Ата]], [[Жалал Абат|Жалалабат]], [[Ош]], [[Талас]] ж. б. шаарлары менен гана катташат.
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Каракол" булагынан алынды