Ысык-Көл облусу: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
Кайра 354400 жокко 212.241.17.0 (сюзюу)
Белги: Жокко чыгаруу
No edit summary
68-сап:
}}
 
'''Ысык Көл облусу''' — [[Кыргызстан|Кыргызжердин]] чыгыш бөлүгүндө жайгашкан облус. Борбору — [[Каракол шаары]]. Курамында 5 оодан ([[Ак-Суу району|Ак Суу]], [[Жети-Өгүз району|Жети Өгүз]], [[Тоң району|Тоң]], [[Түп району|Түп]], [[Ысык-Көл району|Ысык Көл]]), 3 шаар, 2 шаарча, 61 айыл өкмөтү жана 191 айыл бар. Түндүгүнөн жана түндүк-чыгышынан [[Казакстан]], чыгышынан жана түштүк-чыгышынан [[Кытай]], батышынан жана түштүк-батышынан [[Нарын облусу|Нарын]], түндүк-батышынан [[Чүй облусу|Чүй]] облустары менен чектешет.
'''Ысык-Көл облусу''' [[Кыргызстандын облустары|Кыргыз Республикасынын аймактарынын]] бири болуп эсептелет. Анын борбору [[Каракол]] болуп саналат. Ал [[Алматы облусу|Алма-Ата облусу]] ([[Казакстан|Казакжер]] (түндүктө)), [[Шинжаң-Уйгур автоном району|ШУАР]] ([[Кытай]] (түштүк-чыгышта)), [[Чүй облусу]] (батышта) жана [[Нарын облусу]] (түштүктө) менен курчалып турат. Ал өзүнүн аталышын [[Ысык-Көл|Ысык көлдөн]] алган, [[Теңир-Тоо|Теңир тоолорунун]] бийиктигине карабастан, тоңбогон дүйнөдөгү экинчи туздуу көл.
 
Айанты 43,1 миң км² (республиканын айантынын 21,6%). Калкы 496,4 миң (2020 ж.; республиканын калкынын 7,6%).
== Географиясы ==
 
== Тарыхы ==
1939 ж. [[Жетинин айы|Жетинин айынын]] 21 түзүлгөн.
 
1959 ж. [[Үчтүн айы|Үчтүн айынын]] 27 жойулуп, кайра 1970 ж. [[Бештин айы|Бештин айынын]] 11 уйушулган.
 
1988 ж. [[Тогуздун айы|Тогуздун айынын]] 5 Нарын облусу менен биригип, 1990 ж. [[Бештин айы|Бештин айынын]] 14 алар кайра бөлүнгөн.
 
== Табиаты ==
[[image:Issyk Kul at sundown.jpg|left|thumb|250px|Ысык көл күн батканда]]
[[File:AlaKol.jpg|thumb|[[Ала-Көл]], Тескей Ала тоодо]]
Облустун аймагы негизинен 2 бөлүктөн турат: Ысык Көл ойдуңунан жана Ысык Көл сыртынан (түндүгүнөн Тескей Ала тоо, түштүгүнөн Какшаал тоо менен чектелген күдүрлүү кенен аймак). Рельеби жалпысынан татаал. Ысык Көл өрөөнү түндүктөн Күнгөй, түштүктөн Тескей Ала тоолору менен курчалган. Алар өрөөндүн чыгышы менен батышында бири бирине жакындашып, тоо аралык туйук мейкиндикти пайда кылат. Ысык Көл батышындагы Боом капчыгайы аркылуу Чүй өрөөнү менен туташат. Чоңдугу жагынан Ысык Көл өрөөнү Орто Азиада Баргана өрөөнүнөн кийинки 2-чи орунда.
Түндүктө көз-түспөл [[Ысык-Көл|Ысык көл]], [[Теңир-Тоо|Теңир тоо]] кыркаларынын арасында, жатат: түндүктө [[Күнгөй Ала-Тоо|Күнгөй Ала тоолор]] жана түштүктө [[Тескей Ала-Тоо|Тескей Ала тоолор]] менен курчалып турат ("күн" жана "шектүү" Ала тоо, тиешелүүлүгүнө жараша). Түштүктө тоолор жана жайлоолор. Аймактын көпчүлүк чыгыш бөлүгүндө жайгашкан, [[Теңир-Тоо|Теңир тоолорунда]], анын ичинде [[Хан-Теңири]], бийик тоолор көрүнүп турат.
 
Анын борбордук бөлүгүн Ысык көл ээлейт. Көл түздүктөр менен курчалган. Ичке жээк тилкелерин кум каптап жатат, майда жумуру таштар, камдашкан кумдук, саздак жерлер да кездешет.
 
Тескей Ала тоонун түштүгүндө деңиз деңгээлинен кыйла көтөрүңкү, климаты катаал плато сымал түздүктөр — сырт жайгашкан. Облустун аймагындагы кырка тоолор негизинен кеңдик багытта созулат. Эң чыгыш бөлүгүндө алар бири-бирине жакындашып, Кан Теңир (Муз тоо) тоо тоомун пайда кылат. Мында жалпы Теңир тоонун эң бийик жери — Жеңиш чокусу (7439 м) жайгашкан.
 
Кен байлыктарынан алтын (Ак Шыйрак тоосундагы Кумтөр кени), көмүр (Жыргалаң, Cөгөттү), калай (Сарыжаз суусунун өрөөнүндө), полиметалл (Жыргалаң полиметалл кендер тобу), больпрам, жез, бисмут кендери, семент дайардоого жарактуу акиташ теги (Күрмөнтү), айнек куму ж. б. курулуш материалдарынын кендери бар.
 
Дарылык касиети бар көптөгөн минералдуу ысык булактардын базасында Жети Өгүз, Жыргалаң, Ак Суу, Чолпон Ата «Көгүлтүр Ысык көл», Тамга, «Кыргыз деңизи» ж. б. бальнеологиалык курорттор, санаторийлер иштейт. Облуста дары баткактардын ири кендери Кызыл Суу, Тамга, Жыргалаң, Күрмөнтү, Карой, Чолпон Ата, Чоктал, Улаколдо табылган.
 
Климаты бийиктик алкактуулукка байланыштуу. Курчап турган кырка тоолор муздак абанын өрөөнгө киришине тоскоолдук кылат. Ошондой эле көлдүн жыл бойу тоңбогон суусу өрөөндүн климатын жумшартып, Теңир тоодогу башка тооаралык өрөөндөрдүкүнөн өзгөчөлөнүп турат. Көлдүн жээк зонасында жайы салкын, [[Теке айы|Текенин]] орточо температурасы 18°C'ге жакын. Кышы жумшак, түштүк жана түндүк жээктеринде [[Үчтүн айы|Үчтүн айынын]] орточо температурасы –2°C, батыш бөлүгүндө –4°C, чыгышында –10°C'ге чейин. Жылдык орточо температурасы 6-7°C'дай, максимуму (мүмкүн болгон максималдуу температу) 27–30°C, минимуму – 12...–18°C. Өрөөндүн батышынан улан, чыгышынан санташ шамалдары согот. Эң катуу шамал — уландын ылдамдыгы 25–30 м/сек'га жетет. Улан менен санташ бир убакта согуп, бири бирине беттешсе, көл үстүндө катуу толкунду пайда кылат. Көл жээктеринде бриз шамалдары басымдуу. Батыштан келген аба агымынын басымдуу болушу өрөөндүн батышы менен чыгышына жааган жаан-чачындын чоң айырмачылыгын пайда кылат. Өрөөндүн батышында жайгашкан Балыкчы шаарынын айланасында жылына 110 мм (Кыргызжердеги эң кургакчыл жер), чыгышында Түп аймагында 569 мм жаан-чачын жаайт. Чыгыш бөлүгүндө кар көп түшөт. Өрөөндүн батыш бөлүгүнүн жазы салкын, жайы ысык, күзү узак, кышы суук, кар жаабайт. Жаан-чачын бардык жеринде жайында көп, кышында аз жаайт. Ысык Көлдүн сырты кескин континенттик кургак, катаал климаты менен айырмаланат. Жылдык орточо температурасы 3°C'дан –7°C'ка чейин. Кышы узак, [[Үчтүн айы|Үчтүн айынын]] орточо температурасы –21°C (–40°C'ге чейин айаз болот). Жайы кыска, салкын (абанын орточо температурасы 7°C). Көп жылдык тоң менен катар айрым жерлерде топурактын мезгилдүү тоңушу да байкалат. Cырттарда жылдык жаан-чачын 200–300 мм, негизинен кар түрүндө (жай мезгилинде да) жаайт. Айазсыз күндөр чанда болот.
 
Күнгөй Ала тоодогу мөңгүлөрдүн жалпы айанты 221 км² , Тескей Ала тоодогу мөңгүлөрдүн айанты 1081 ккм²ди түзөт. Күнгөй Ала тоодогу мөңгүлөрдүн көбү Чоң Ак суунун өрөөнүндө топтолгон. Тескей Ала тоонун көп сууларынын (Аксай, Тоң, Тосор, Барскон, Жууку, Чоң Кызыл суу, Жети Өгүз, Каракол, Ак суу, Түргөн Ак суу) башталышында мөңгүлөр бар. Муз каптоонун эң ири очогу жана ири мөңгүлөр Кан тоо жана Жеңиш чокуларынын аймагында. Мында мөңгүлөрдүн жалпы айанты 1517 км²ден ашат. Ири мөңгүлөрү: Түштүк Эңилчек (айанты 613,3 км² ), Кайыңды (107,5 км² ) ж. б.
 
Cуулары кар-мөңгүдөн куралып, Ысык көл, Сырдарыя, Тарим, бир аз бөлүгү Чүй (батышта) жана Иле (чыгышта) сайлардын алаптарына кирет. Көлгө 118 агын суу жана мезгили менен аккан өзөндөр куйуп, андан бир да суу агып чыкпайт. Батыш бөлүгүнүн суулары чакан, чыгышындагы суулардын чыгымы 6-8 м³/сек'дан 10-20 м³/сек'га чейин көбөйөт (Түп, Жыргалаң). Ири суулары: Жыргалаң (уз. 250 км), Түп (120 км), Каракол, Түргөн Ак суу, Чоң Ак суу, Жети Өгүз, Жууку, Чоң Кызыл суу, Барскон ж. б. сугатка пайдаланылат. Өрөөндүн түндүк-батыш бөлүгүнөн Чүй сайы, чыгышынан Каркыра сайы (Иле сайынын алабы) агып өтөт. Ысык Көлдүн сыртынан Нарын жана Сары Жаз суулары башталат. Облустун аймагында дүйнөдөгү тоо көлдөрүнүн ирилеринин бири – Ысык көл жайгашкан.
 
Өрөөндүн түздүгүндө батыштан чыгышка карай таштуу бозомук күрөң, агыш күрөң, күңүрт кара коңур, кара топурактар таралган. Cырттарда бийик тоолуу, чөлдүү талаа жана талаа, чала чым көңдүү, такырлуу, тундра жана начар өөрчүгөн таштуу топурактар басымдуу.
 
Өсүмдүктөрдүн таралышы бийиктик алкактуулук мыйзам ченемине байланыштуу. Алкактар сериасы облустун батышында жээк түздүктөрдөгү чөлдүү алкактан башталып, жогору жагында жарым чөл жана шалбаалуу талаага өтөт, чыгышында төмөнтөн жогору карай токой-шалбаалуу талаа алкагы жайгашкан. Андан жогору бардык жерде субальп, альп жана гласиалдык-нибалдык алкактар жатат. Батышындагы чөлдүү алкакта (1700–2200 м) учтуу күүдүрөк, теңиртоо шыбагы, чекенде, көп жалбырактуу төө куйрук пормасиасы басымдуу. Жарым чөл алкагы 2500 м бийиктикке чейин жетет. Мында негизинен кауказ аккылканы жана теңиртоо шыбагы өсөт. Бадалдардан төө куйрук басымдуу. Түздүктүн чыгыш бөлүгүн талаа алкагы ээлейт. Мында дан өсүмдүкбетегелүү талаа, чыгышында түркүн чөп — дан өсүмдүктүү талаа менен алмашат. Шалбаалуу талаа алкагы өрөөндүн батышында тоонун бийик этектери менен орто бийиктиктеги тоолордун көлөкөлүү капталдарында, чыгышында түздүктөрдө жайгашкан. Бул алкакта чымдуу талаанын дан өсүмдүктөрү — бетеге, кыргыз аккылканы же чөл сулуусу, түркүн чөптөр жана мезопилл тибиндеги дан өсүмдүктөрү менен аралаш өсөт. Андан жогорку токой-шалбаа-талаа алкагы жайгашкан. Токой өсүмдүктөрү карагай менен бадалдардан турат. Алардын арасында түркүн чөптүү дан өсүмдүктөрү өсөт. Тескей Ала тоонун токойлору парк тибине кирет: карагайлар жалгыздап же топ-топ болуп өсөт. Cубальп алкагынын төмөнкү чеги өрөөндүн батышы менен чыгышында болжол менен бирдей бийиктикте (3000–3200 м) жатат. Мында бийик тоолуу түркүн чөп-бетеге-шалбаалуу талаа, ыраң-доңуз сырты жана дан өсүмдүктүү, түркүн чөптүү шалбаа өнүккөн. Альп алкагында (3400 м'ден жогору) кыска чөптүү альп шалбаасы басымдуу, бадал өсүмдүктөрү өспөйт. Нибалдык алкакта аскалуу кырлар, корум, морена, кар-мөңгү жатат. Ысык көлдүн жээгин бойлой суулардын жайылмаларында камыш, агростис, ыраң жана жапайы арпалуу шалбаа, каксоо жерлерде чычырканак, бөрү карагат, итмурун, чий өсөт. Облустун Cыртында шыбак-бетегелүү тоолуу талаа, ыраң-доңуз сырттуу шалбаа басымдуу; мамык чөп, эңилчек кездешет. Cуунун жайылмаларында табылгы, чычырканак, кайың өсөт. Өсүмдүктөрү туташ тилкени түзбөйт.
Аймактагы калктын көпчүлүгү көлдүн тегерегинде жашайт, айрыкча, көлдүн анын чыгыш учундагы [[Каракол]] жана батыш аягындагы [[Балыкчы шаары|Балыкчы]] шаарларында.
 
== Негизги коомдук-экономикалык көрсөткүчтөрү ==