'''Мухаммед Пайгамбар''' {{Салават}} (араб. '''Мухаммад''' '''محمد''', туулган убагы 22-апрель, 571-жылы (же 570-ж.), рабиүль-Аввал айынын 12синде, дүйшөмбү күнү, күндүн чыгышына аз калганда, [[Мекке|Меккеде]] — өлгөн убагы 632-ж., 8-июнь, [[Мадина|Мадинада]].) — Исламдын акыркы пайгамбары. Ислам ишеними боюнча Кудай Мухаммед пайгамбарга{{Салават}} ыйыкйык китеп болгон [[Куран|Куранды]] түшүргөн. Андан тышкары саясий инсан, анын башкаруусунун натыйжасында [[Араб жарым аралы|Араб жарым аралындагыА]] күчтүү жана жетишээрлик чоң мамлекетке айланып кеткен, [[умма]] мусулмандар жамаатынын негиздөөчүсү жана башчысы.