Инди океаны: нускалардын айырмасы

Жок кылынган мазмун Кошулган мазмун
мNo edit summary
1-сап:
[[Файл:Océan Indien.png|thumb| Инди океаны.]]
''' Инди океаны''' — Жер шарындагы океандардын ичинен чоңдугу боюнча [[Тынч океан|Тынч]], [[Атлантика океаны|Атлантика океандарынан]] кийинки 3-орунда. Аянты (деңиздери менен) 76,17 млн км<sup>2</sup>. Басымдуу бөлүгү Түштүк жарым шарда жайгашкан; түндүгүнөн [[Азия]], батышынан [[Африка]], чыгышынан [[Австралия (континент)|Австралия]], түштүгүнөн [[Антарктида]] менен чектешет. Түштүк-батышынан Атлантика, чыгышынан жана түштүк-чыгышынан Тынч океандары менен туташат. орточо тереңдиги 3711 м, суусунун орточо көлөмү 282,7 млн км<sup>3</sup>. Түндүк жана түндүк-чыгыш жактарында гана Инди океанынын деңиздери ([[Кызыл деңиз|Кызыл]], [[Андаман деңизи|Андаман]], [[Арап деңизи|Арап]], [[Тимор деңизи|Тимор]], [[Арафура деңизи|Арафура]]) жана ири булуңдары ([[Аден булуңу|Аден]], Оман, [[Парс булуңу|Парс]], Бенгал); түштүк бөлүгүндө [[Карпентария]], Чоң Австралия, Спенсер, Сент-Винсент жана башкалар булуңдар, эң түштүгүндө антарктикалык деңиздер (Рпсер-Ларсен, Космонавттар, Ынтымак, Дейвпс, Моусон, Дюрвиль) жайгашкан. Материктен бөлүнүп калган эң ири аралдары ([[Мадагаскар]], Шри-Ланка, Сокотра) жээкке жакын орун алган. Океандын ачык бөлүгүндө жанартоо аралдары – [[Маскарен аралдары|Маскарен]], [[Комор Аралдары|Комор]], [[Андаман аралдары|Андаман]], [[Никобар аралдары|Никобар]], [[Сейшел Аралдары|Сейшель]] жана башкалар орун алган. Тропиктик кеңдиктердеги жанартоо конустарында шуру аралдары Мальдив, Лаккадив, Чагос, Кокостуу жана башкалар көтөрүлүп жатат.
 
==Таманынын рельефи==
"https://ky.wikipedia.org/wiki/Инди_океаны" булагынан алынды